Жеңиш күнүңүздөр менен!
Жеңиш күнү – Бизге жашоодогу эң баалуу белекти – бейпилдикте жашап, балдарды өстүрүү бактысын тартуулаган, эркин жашоого, жакшы турмушка жол ачкан чоң майрам.
Кан жыттанган каардуу согуштан улам алыстаган сайын Улуу Жеңиштин мааниси бийиктеп даана көрүнүүдө. Чындыгында эле бул Улуу Жеңиш! Жакшылыктын - жамандыкты, жарыкчылыктын - караңгылыкты Жеңиши! Тынчтыктын жана бейпилдиктин салтанаты!
Бул улуу күн – чоң ата – чоң энелерибиздин баатырдыгы, каармандыгы жана майтарылбас эрки жөнүндө сыймыктануу менен эскерүү күнү.
Сиздерге терең таазим жана түбөлүк алкыш!
Ардактуу ардагерлер, жакындарыңыздардын жанында жаркын кундөрдү көбүрөк өткөрүп, аман болуңуздар. Асманыбыз ачык, элибиз тынч, мекенибиз өнүгө берсин.
Майрамыңыздар менен!