• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Азия банкы» ЖАК жана Кыргыз фондулук биржасы туруктуу өнүгүүгө багыт алды

09 июнь, 2022-жыл

2022-жылдын 9-июнунда «Novotel» отелинде (Бишкек ш.) Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) эксперттик колдоосунда Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) уюштурган “ESG-отчеттуулук туруктуу каржылоону тартуунун куралы катары” деген темада тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдун алкагында ESG-маалыматтарды, механизмдерди жана дүйнөлүк тренддерди ачуунун маанилүүлүгү талкууланды.

Туруктуу өнүгүүнүн актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн эске алып, “Азия банкы” ЖАК Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүү максаттарын жана ESG практикаларын жактоочулук жөнүндө декларацияга кол койду.

Ошондой эле “Азия банкы” ЖАК бул долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн “пилоттук” банк катары катышып, тегерек столдун жүрүшүндө КФБ менен “Азия банкы” ЖАКтын ортосунда туруктуу өнүгүү тармагында кызматташтык жөнүндө макулдашууга расмий кол коюлду.

Бул макулдашуунун алкагында КФБ жана “Азия банкы” ЖАК туруктуу өнүгүү тармагында кызматташтыкты, анын ичинде социалдык облигацияларды чыгарууну коштоо жана жайгаштыруу, ESG-отчеттуулукту даярдоо жана ачуу, биржада соода кылуу үчүн листингден өтүү жана баалуу кагаздарды чыгаруу жол-жоболору маселелери боюнча натыйжалуу өз ара аракетти, ошондой эле КР мыйзамдарына каршы келбеген туруктуу өнүгүүнүн башка тармактарын түзүү жана өнүктүрүүнү көздөөдө.

Кыргыз фондулук биржасынын атынан документке КФБнын президенти Медет Назаралиев, “Азия банкы” ЖАКтын атынан Башкармалыктын төрагасы Атакишиева Земфира Акишовна кол койду.

“Азия банкы” ЖАК – бул туруктуу жана ишенимдүү финансы мекемеси гана эмес, социалдык милдет жаатын көз жаздымында калтырбай, жоопкерчиликтүү мамиле кылган компания. Банк экология боюнча долбоорлорго өзгөчө көңүл бурат жана айлана-чөйрөнү коргоого активдүү катышат.

Маалымат үчүн: ESG (Environmental, Social, Governance) principles – айлана-чөйрөнү коргоого, жагымдуу социалдык шарттарды түзүүгө, кызматкерлерге жана кардарларга ак ниет мамиле кылууга жана ылайыктуу корпоративдик башкарууга негизделген компаниянын ишмердигинин принциптери.

Экологиялык принциптер компания айлана-чөйрөгө канчалык кам көргөнүн жана экологияга келтирилип жаткан зыянды азайтууга канчалык аракет кылып жатканын аныктайт.

Социалдык принциптер компаниянын кызматкерлерге, жеткирүүчүлөргө, кардарларга, өнөктөштөргө жана керектөөчүлөргө кылган мамилесин көрсөтөт. Стандарттарга шайкеш келиш үчүн, бизнес эмгек шарттарынын сапатынын үстүнөн иштеши керек, гендердик балансты сакташы же социалдык долбоорлорго инвестиция жасашы керек.

              Башкаруу принциптери компанияларды башкаруунун сапатына тиешелүү болот: отчеттуулуктун тактыгы, менеджменттин эмгек акысы, кеңселерде абалдын жагымдуу болушу, акционерлер менен болгон мамиле, коррупцияга каршы чаралар.

 

Маалымат үчүн:

ESG (Environmental, Social, Governance) principles — айлана-чөйрөнү коргоого, жагымдуу социалдык шарттарды түзүүгө, кызматкерлерге жана кардарларга ак ниет мамиле кылууга жана ылайыктуу корпоративдик башкарууга негизделген компаниянын ишмердигинин принциптери.

Экологиялык принциптер компания айлана-чөйрөгө канчалык кам көргөнүн жана экологияга келтирилип жаткан зыянды азайтууга канчалык аракет кылып жатканын аныктайт.

Социалдык принциптер компаниянын кызматкерлерге, жеткирүүчүлөргө, кардарларга, өнөктөштөргө жана керектөөчүлөргө кылган мамилесин көрсөтөт. Стандарттарга шайкеш келиш үчүн, бизнес эмгек шарттарынын сапатынын үстүнөн иштеши керек, гендердик балансты сакташы же социалдык долбоорлорго инвестиция жасашы керек 


Башкаруу принциптери компанияларды башкаруунун сапатына тиешелүү болот: отчеттуулуктун тактыгы, менеджменттин эмгек акысы, кеңселерде абалдын жагымдуу болушу, акционерлер менен болгон мамиле, коррупцияга каршы чаралар. 

 

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию