Кыргызстандын банктарынын Кубогуна футзал боюнча банктар аралык турнир аяктады.
Өткөн дем алыш күндөрү Кыргызстандын банктарынын Кубогуна футзал боюнча банктар аралык турнир аяктады, анда «Азия Банкы» ЖАКнын командасы мыкты жыйынтыктарды көрсөттү.
Банктын футболдук командасы оппоненттерин артка калтырып, финалга чыгып, ардактуу экинчи орунга ээ болду. Мындан тышкары, Маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн начальниги – Жетибаев Болотбек Кыргызстан банктарынын Кубогунун мыкты оюнчусу деп аталды.
Команданын бардык оюнчуларына кызыктуу жана көңүлдүү оюн көрсөтүп бергени үчүн ыраазычылык билдиребиз жана жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз!