«Азия Банкынын» кызматкерлери VISA RUN 2022 марафонуна катышты
25-июнда кайталангыс окуя - VISA RUN 2022 марафону болуп өттү. Бул марафон өнөктөштүк мамилелерди жана спорттук рухту колдоо максатында банк чөйрөсүнүн өкүлдөрү үчүн гана уюштурулган.
Банктык төлөм кызмат көрсөтүүлөр башкармалыгынын кызматкерлери, курамында Чоткараева Жибек жана Чомоев Бексултан болгон банктын командасы беш километр аралыкты чуркап, чеберчилигинин жогорку деңгээлин көрсөтүү менен марафонго катышты. Банктын намысын коргогондор эстелик байгелер жана белектер менен сыйланды.
VISA өнөктөштөргө иш-чараны уюштурушу жана чакыруусу үчүн ыраазычылык билдиребиз, ошондой эле “Дени сак денеде – дени сак рух!” деген сөздөрдү далилдеген биздин коллегаларга да ыраазычылык билдиребиз.