• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Азия банкы» ЖАКнын гендердик облигацияны чыгаруу боюнча программасынын бет ачары болду

21 октябрь, 2022-жыл

2022-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Экономикалык саясатын изилдөө институнун колдоосу менен «Кыргыз Республикасында алгачкы социалдык облигацияны (гендердик) чыгаруу» темасында тегерек стол болуп өттү, ал жерде КР Президентинин Администрациясынын,  КР Экономикалык саясатын изилдөө институтунун, КР Президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин, КР Экономика жана коммерция министрлигинин, КР Финансы министрлигинин,  КР Социалдык фондунун, КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын, КР Өнүктүрүүнүн эл аралык фонддорунун, Кыргыз фондулук биржасынын, КР «БУУ-Аялдар» түзүмүнүн өкүлдөрү, Бишкектеги GFC өкүлчүлүгү, «Сенти» финансы компаниясынын, «Кыргызиндустрия» ААКтын, «Кыргызстан» мамлекеттик эмес пенсиялык фондунун, КР Улуттук банкынын жана Эл аралык жеке ишмердик борборлорунун, камсыздандыруу компанияларынын өкүлдөрү катышты. 

«Азия банкы» ЖАК башкармалыгынын төрагасы Атакишиева Земфира Акишовна гендердик облигацияларды чыгаруу боюнча Банктын программасын тааныштырды. Банктын стратегиялык багыттарынын бири болуп ESGнын (environmental, social and corporate governance — «экология, социалдык өнүктүрүү жана корпоративдик башкаруу») компоненттерин туруктуу өнүктүрүү жана киргизүү саналат. Гендердик облигациянын эмиссиялык максаты - гендердик теңсиздикке көңүл бурууну жана аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн жайылтууну, анын ичинде экономикалык тартуу болуп саналат. Колдонуудагы баскычта Банк Капитал рыногунун эл аралык ассоциациясынын социалдык облигацияларынын принциптеринде көрсөтүлгөн стандарттар менен гендердик облигацияларды верификациялоо процедурасынан өттү, ошондой эле GFCдан (МФЦА Астана) ырастама (экинчи корутунду) алды. Банк өзүнүн программасында социалдык жоопкерчиликти жана туруктуу өнүктүрүүнү ишке ашыруунун практикасында финансы секторунун негизги демилгеси катары – жоопкерчиликтүү инвестирлөө жана каржылоо ыкмасына басым койду. Земфира Акишовна тегерек столдун катышуучуларын Банктын гендердик облигациясына инвестиция жасашына чакырды.

КР Президентинин Аппаратынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Исанов Алмаз Насирдинович гендердик облигацияларды чыгаруу жана алардын мүмкүнчүлүктөрү боюнча «Азия банкы» ЖАКнын долбоорунун маанилүүлүгүн белгилей кетти.  Туруктуу өнүгүүнүн максатында көрсөтүлгөн гендердик теңчиликке жетүү жана аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу - адамгерчиликтин өсүүсү жана анын потенциалын толук ишке ашыруу үчүн чечүүчү мааниге ээ». Ушул долбоордун маанилүүлүгүн эске алуу менен А.Н.Исанов тегерек столдук бардык катышуучуларын жооптуу инвесторлордун ролунда чыгышына чакырык таштады.

  «Кыргызстанда ESG-облигацияларды өнүктүрүү үчүн бардык шарттар бар жана бүгүнкү күндө «Азия банкы» ЖАК туруктуу өнүктүрүүгө финансылык куралдарды киргизүүчү социалдык гендердик облигациялардын биринчи банк-эмитенти болот. Туруктуу «жашыл» жана социалдык облигацияларды чыгаруу инвестициялык ресурстарды тартуунун көбүрөөк пайдаланган куралдарынын бири болуп саналат. Фондулук рынок Ата мекендик экономикага инвестицияларды тартуунун натыйжалуу механизми катары саналат», - деп, «Кыргыз Фондулук Биржасы» ЖАК президенти Медетбек Назаралиев билдирди.

Социалдык облигациялардын чыгаруу долбоорун илгерилетүүдө «БУУ-Аялдар» уюму активдүү катышат, ал ишкер аялдарды тандоо критерийлерин иштеп чыгууда жана биринчи гендердик облигацияларды чыгарууну даярдоо боюнча процессти фасилитациялоодо көмөк көрсөтөт, ошондой эле мындан аркы мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого, каржылоо долбоорун түздөн-түз кароонун алдында активдүү катышат. Азия Банкынын программасында «Сенти» финансылык компаниясы тартылган, ал облигацияларды жайгаштырууда андеррайтер катары чыгып берет.

Тегерек столдук жүрүшүндө катышуучулар менен бирге инвесторлор катары Банктын программасына катышуу мүмкүндүгү, ошондой эле аларды чечүү жолдору талкууланды.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию