• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Азия банкы» ЖАК кыргыз тилине арналган «Чалкан» көргөзмөсүнө демөөрчү болду

24 октябрь, 2022-жыл

Бүгүнкү күндө чет тилде эркин сүйлөгөндөр көп, ошентсе да эне тили эң кымбат болуп саналат. Эне тили – бул эң биринчи элдин тарыхын, тажрыйбасын жана каада-салттарын сактайт. 

Ар бир тил өз алдынча кооз жана чексиз, анын ичинде кыргыз тили да бай, аваздуу, ошондой эле уникалдуу. Айырмаланган өзгөчөлүгү жана курчтугу кээ бир учурда которууга да оңой болбойт. Бирок Мекенибиздин тилинин өзгөчөлүгү ушунда. 

Бул көргөзмө кыргыз тилинин сулуулугуна арналган. "Чалкан" сатиралык журналы ("крапива" деп которулат), 1955-жылы жарык көргөн, курч тилдин жана карикатуралардын жардамы менен коомдун бузукулугун жана күнүмдүк темаларды шылдыңдап келген. Анын булактарында Кыргызстандагы жанрдын негиздөөчүсү болуп көркөм редактор, сүрөтчү Асанбек Турумбеков (1936-1987-ж.ж.) болгон. Журналдагы чагылдырылган чеберчилик, тактык жана көйгөйлөр комикстин салтанат курган доорунда жана өлкөбүздүн бай коомдук саясий турмушунда экинчи өмүрүн табат. Көргөзмөдөн 1960-1980-жылдарда пайда болгон, жарым кылым өтсө дагы өзүнүн актуалдуулугун жоготпой келген автордун оригиналдуу иштерин көрө аласыздар. "Тил көркү- макал"" макалы орусчага которгондо “краса речи - пословица” дегенди билдирет. Санариптик жаш сүрөтчүлөр өз ишинде 12 накыл сөздү чагылдырып, анын кооздугун ийкемдүү тилге өткөрүп беришти.

Билим берүү жана чыгармачылык долбоорлорду көп жылдар бою колдоп келген Банк катары кыргыз тилин жайылтуу жана өнүктүрүү темасына көңүл бурбай кое албайбыз жана бул долбоорду колдоону милдетибиз катары көрөбүз.

Көргөзмө 23-октябрдан 20-ноябрга чейин саат 11:00дөн 21:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча өтөт: Манас проспектиси, 16, Novotel, 2-кабат.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию