• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Бишкекте биринчи гендердик облигациялардын соодасын баштоо аземи өттү

18 ноябрь, 2022-жыл

 Бүгүн, 18-ноябрда Novotel мейманканасында «Азия Банкы» ЖАКтын биринчи Гендердик облигацияларынын соодасын баштоо аземи болуп өттү. Бул долбоордун алкагында Азия Банкынын өнөктөштөрү: Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөө институту, БУУнун Аялдар уюму, AIFC Green Finance Centre Ltd., «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАК, Финансылык Компания «Сенти» ЖЧКсы.

Салтанаттын башында конокторду «Азия Банкы» ЖАКтын директорлор кеңешинин төрайымы Назира Бейшеналиева жылуу тосуп алды. Ал өз сөзүндө гендердик облигацияларды чыгаруу идеясы кантип пайда болгонун айтып, бул репутациялуу, имиджди түзүүчү долбоор, банктын өзү жана Кыргызстандын бардык банк сектору үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи. «Биз бул долбоорду мамлекеттик органдардын, жеке сектордун, донордук коомчулуктун колдоосу болбосо ишке ашыра алмак эмеспиз. Эми долбоор биздин ишкер аялдарыбызды колдоого канчалык даяр экенибизди көрсөтөт. Биздин аялдар үчүн бардык жакшы шарттар түзүлүшү керек деп эсептейм», - деди ал.

Саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы Алмаз Исанов куттуктоо сөзүндө гендердик экономиканы өнүктүрүү кыргыз элинин турмушун жакшыртаарын белгиледи. «Бүгүнкү иш-чара биздин кооз сөздөрдөн ишке өткөнүбүздүн көрсөткүчү. Биз аялдар үчүн жакшы шарттарды түзүшүбүз керек. Бул биздин жашообуздун бардык тармактарын жакшыртат. Бул изилдөөлөр менен тастыкталат. Мисалы, Японияда жарандардын узак жашашына гендердик экономика чоң таасир этээри далилденген. Биз коомдун баалуулуктарын өзгөртүшүбүз керек. Гендердик экономика келечекте Кыргызстанды айырмалай турган нерсе деп эсептейм», - деди ал.

Ошондой эле конокторду «БУУнун Аялдар уюмунун» Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран тосуп алды. Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасы Борбор Азияда биринчи жолу өкмөт, жеке сектор жана эл аралык уюмдар менен өнөктөштүктө мындай жогорку деңгээлде ишке ашырылып жаткан долбоорду баштап жатат.

Салтанаттын конокторун ошондой эле AIFC Green Finance Center Ltd башкаруучу директорунун орун басары Нагима Аюпова, «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАК президенти Медет Назаралиев тосуп алышты.

“Мен жоопкерчиликтүү инвестормун” челленджин “Сенти” финансылык компаниясынын директору Мээрим Аскарбекова өткөрдү.

Гендердик облигацияларды чыгаруу долбоорунун презентациясы менен «Азия Банкы» ЖАК башкармалыгынын төрагасы Земфира Атакишиева тааныштырды.

Биржадагы сооданын башталышынан Назира Бейшеналиеванын урган гонгу белги берди. Ачык аукционго 1000 сомдук облигациялардын номиналдык баасы менен 82 000 акция коюлган. Жүгүртүү мөөнөтү 3 жыл, эмиссиянын көлөмү 82 000 000 сомду түзөт. Сатыктын алгачкы мүнөттөрүндө акциялардын 20%ына билдирмелер берилген. Биринчи кайрылгандардын арасында Кыргызстандын Топтоочу пенсиялык фонду, Азия Банкынын акционери Ли Жонг Бек, World Class Bishkek компаниясынын башкы директору Надира Касымова, Jubilee Kyrgyzstan камсыздандыруу компаниясы, ишкер Жумабек Салымбеков бар.

Белгилей кетсек, Азия Банкы социалдык гендердик облигацияларды чыгарган биринчи банк болуп калат, анын программасы ишкер аялдардын бизнесин өнүктүрүүгө, аялдардын бакубаттуулугун жана жашоосун жакшыртууга, гендердик теңчиликке жетишүүгө, аялдардын укуктарын кеңейтүүгө багытталат.

 

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию