"Азия банкы" ЖАК Global Money Weekти колдойт
"Азия банкы" ЖАК жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча программаны колдоону жана өнүктүрүүнү жактайт жана Global Money Week* кошулат!
Global Money Week уюштуруучуларына биздин билимди жана тажрыйбаны келечектеги лидерлер менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Бул кампаниянын алкагында биздин кызматкерлер №70 мектеп-гимназиясынын окуучуларына “Насыялоонун экономикага тийгизген таасири” темада лекция окушту. Анткени, биз финансылык сабаттуулук – бул абдан маанилүү көндүм деп эсептейбиз жана биз өз тажрыйбабыз менен өз каржысын натыйжалуу башкарууну үйрөнүүнү каалагандар менен бөлүшүүгө даярбыз.
*Global Money Week – 2012-жылы башталып, дүйнөнүн 170тен ашуун өлкөсүндө каржылык сабаттуулук боюнча иш-чараларды өткөрүүнү камтыган жылдык ири масштабдуу кампания.