Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери үчүн “Финансылык сабаттуулук” ачык эшик күнү.
Заманбап дүйнөдө финансылык сабаттуулук ийгиликтүү жашоо жана финансылык бакубаттуулук үчүн зарыл болуп, барган сайын маанилүү көндүмгө айланууда.
Бул жаатта Тейлөө сапаты бөлүмүнүн башчысы Венера Витовская Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча ачык эшиктер күнүн уюштуруп, өткөрүү менен кесипкөйлүгүн көрсөттү.
Иш-чаранын максаты студенттерге финансылык пландаштыруу, жеке каржыны башкаруу жана инвестициялоо жаатында баалуу билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү берүү болду. Ачык эшик күнүнүн аркасында студенттер каржы дүйнөсүнүн негиздери менен таанышып, финансылык чечимдерди туура кабыл алууну үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.