• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Алмаштыруу операциялары

«Азия Банк» ЖАК чет элдик накталай жана накталай эмес валютасын сатуу, сатып алуу боюнча толук кандуу тейлөө кызматтарын көрсөтөт.

Сиз накталай чет элдик валютаны Банктын каалаган бөлүмүндө пайдалуу курс боюнча алмаштыра аласыз. Ошондой эле төлөмдөрдү жана башка максаттарды жүзөгө ашыруу үчүн эсеп боюнча валютанын конвертациясын жүргүзүүгө болот.

Бардык алмаштыруу операциялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Банктын расмий сайтынын башкы бетинде накталай жана накталай эмес валюталар үчүн коюлган курстар Банктын Башкы кеңсесинин курстары болуп саналат. Башка бөлүмдөрдөгү валюталардын курсу Башкы кеңсесинин курсунан айырмаланышы мүмкүн.

Накталай чет элдик валюта менен алмаштыруу операциялары

Накталай чет элдик валютаны алмаштыруу накталай валюта үчүн көрсөтүлгөн пайдалуу курс боюнча Банктын каалаган бөлүмүндө жүзөгө ашырылат.

Банктын бөлүмдөрүндө белгиленген валюталардын курсу 2000 АКШ долларына (же башка валютанын эквивалентинде) чейинки алмаштыруу операциялары боюнча колдонулат . 2000 АКШ долларынан жогору алмаштыруу операциялары боюнча валюталардын курсу кардар жана Банктын менен сүйлөшүүсү аркылуу аныкталышы мүмкүн.

Алмаштыруу операциялары Кардар тарабынан өздүгүн тастыктаган документти көрсөткөн учурда жүргүзүлөт.

Конвертация

Эл аралык эсептөөлөрдө төлөмдөрдү жузөгө ашыруу үчүн чет элдик валютаны сатып алуу зарылчылыгы пайда болот.

Мындай максаттар үчүн Сиз эсептеги валюталарды конвертациялап, котрууну жүзөгө ашырсаңыз болот.

Конвертациялоо үчүн Банктын операциялар бөлүмдөрүндө Билдирменин формасы толтурулууга тийиш.


-->
Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию