• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

1-категориядагы МКОИни ыкчам колдоо» насыясынын паспорту

Насыянын суммасы

50 000 - 250 000 KGS   

Пайыздык коюм

0%

Насыянын максаты

COVID-19 пандемиясынын аркасынан келип чыккан кризистерде жана калыбына келтирүү убагында майда ишкерлерге колдоо көрсөтүү.

Насыянын максаты:

Жүгүртүү капиталына (ишкердик ишмердүүлүктү иштетүү/жаңыртуу үчүн чийки зат, материалдар, запастар, товарлар ж.б.).

Операциялык чыгашаларга:

1. эмгек акы чыгымдары;

2. жеткирүүчүлөрдүн эсеп-фактурасы;

3. ижаралык төлөм боюнча чыгымдар;

4. коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн чыгымдары (анын ичинде интернет).

Айыл чарбасы каржыланбайт.

Мөөнөтү

18 айга чейин

Насыялоо боюнча камсыздандыруу

1. Үчүнчү жактын кепилчилиги;

2. Кыймылсыз мүлктү/автоунааны күрөөгө койгондо насыя берилиши мүмкүн.

 

Зайымчынын статусу

жылдык жүгүртүүсү КНС боюнча каттоо босогосунун өлчөмү 8 млн сомдон ашпаган жана салык режими – ыктыярдуу патент, милдеттүү патент, бирдиктүү патент болгон ыктыярдуу патенттин же жеке ишкер каттоосу жөнүндө күбөлүктүн негизинде иштеген жеке ишкерлер (учурга колдонууда болгон, ошондой эле Банкка өтүнмө берген күн боюнча 2018-жылдын 1-июлунан тартып 8 айдан кем эмес мезгилде).

Насыя берүү жолу

Майда ишкерлердин эсебине төлөнөт. Накталай берүүгө тыюу салынат.

Зайымчы тарабынан берилген кошумча документтер

  1. Зайымчынын канааттангандыгынын толтурулган анкетасы ( №1 тиркеме);
  2. Кайтарма финансылык жардам көрсөтүүнү тариздөөгө Өтүнмөнүн толтурулган формасы (КФЖ);
  3. Колдонуудагы ыктыярдуу патент же жеке ишкердигин каттоо жөнүндө күбөлүк;
  4. Жеке ишкердигин каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү же ыктыярдуу/милдеттүү патенттин көчүрмөсү жана социалдык камсыздандыруу жөнүндө күбөлүк (бизнес 2018-жылдын 1-июлунан тартып өтүнмө берген күнгө чейин 8 айдан кем эмес активдүү операциялык ишмердүүлүгүн жүргүзгөн болушу керек); же

 2018-жылдын 1-июлунан тартып өтүнмө берген күнгө чейин 8 айдан кем эмес мезгил үчүн салык режими жана социалдык камсыздандыруу менен байланыштуу төлөмдөрдү ырастаган Салык кызматынын жана Социалдык фонддун маалымкаттары);

Же Банктын көчүрмө бөлүгү же салык режими жана социалдык камсыздандырууга байланыштуу башка жолдор менен төлөмдү ырастоо (2018-жылдын 1-июлунан тартып өтүнмө берген күнгө чейин 8 айдан кем эмес мезгил).

 

«Азия Банкы» ЖАК насыяны тейлөө боюнча башка комиссиялар.pdf

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию