«Жеткиликтүү турак жай» программасы боюнча ипотека
Ипотека берүү убактылуу токтотулган.
Ипотекалык насыялар – “Жеткиликтүү турак жай – 2015-2020” мамлекеттик программасы боюнча турак жай сатып алуу же курууга берилчү насыялар.
Насыянын өлчөмү – 3 000 000 сомго чейин.
Бүгүнкү күндө кыймылсыз мүлк сатып алууда эгер кардардын өздүк салымы төмөнкүдөй өлчөмдү түзсө, пайыздык чендер мындайча коюлат:
Биринчи төлөм |
Пайыздык чен |
10%дан 20%га чейин |
жылына 8% пайыздык чен |
20%дан 30%га чейин |
жылына 7% пайыздык чен |
30%дан жана жогору |
жылына 6% пайыздык чен |
Насыя шарттары:
- биринчи баскычта тизме боюнча бюджеттик уюмдардын кызматкерлерине берилет;
- өздүк салымдын жоктугунда Банк кошумча күрөө коюу жагын караштырышы мүмкүн.
Насыя өлчөмү |
Мөөнөтү |
Камсыздоо (Кепилдиги) |
3 000 000 сомго чейин |
15 жылга дейре |
Сатып алынган турак жай |
Камсыздандыруу:
- турак жай ипотекалык насыя мөөнөтүнө жана сатып алынган кыймылсыз мүлктүн наркына жараша насыя алынган учурдан 10 иш күндүн аралыгында камсыздандырылууга тийиш.
Насыяны алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган же Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортуна ээ болуу;
- Киреше жөнүндө тийиштүү документтердин колдо болушу (маяна тууралуу ырастамалар, бизнестин документтери);
- турак жайсыз болушу же турак аянтын кеңейтүү зарылдыгы;
- Банкка кайрылганга чейинки үч жыл аралгында кыймылсыз мүлккө байланышкан кандайдыр бир жарандык келишимдерди жүргүзбөө;
- Банктын талаптарына ылайык жетишерлик төлөм жөндөмүнө ээлик кылуу;
- Банктын талаптарына жараша насыялык чыйырдын тазалыгы.
“Жеткиликтүү турак жай” мамлекеттик программасы тууралуу кеңири маалыматты МИКтин gik.kg сайтынан таба аласыздар.
* Натыйжалуу жылдык пайыздык чени - 8% - 8,29%
Пайыздык чендер
Кыргыз сомдору менен
Суммасы | Чен |
---|---|
баштап 1 чейин 3 000 000 сом | 8.00 |
Ар айлык төлөм:
Төлөөлөрдүн жалпы суммасы:
Насыяны төлөөнүн графиги
Негизги карыз | Эсептелинген пайыздар | Төлөөнүн суммасы | Негизги карыздын калдыгы |
---|
Бул эсептөөлөр болжолдуу болуп саналат. Насыянын так эсептөөлөрүн биздин насыя адистеринен алсаңыздар болот.
Билдирүүнү тариздөө