• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Төраганын кайрылуусу

Банктын кардарларды кабыл алуу графиги

Урматтуу кардарлар жана өнөктөштөр,

Банк рыногунда 25 жылдан бери ишенимдүү кадам таштап, туруктуу иштеп келген банкты жетектөө бактысына туш болуп жаткандыгыма өтө кубанычтуумун.

Бүгүнкү күндө “Азия Банкы” республика аймагы боюнча 30ко жакын кеңсеге, банкоматтар жана төлөм терминалдарынын кеңири тараган түйүнүнө ээ таасирдүү мекеме. Банктын ар бир кеңсесинде, айрыкча, борбор калаабыздын чок ортосунда былтыркы жылы ачылган, учур талабына жооп берген "Киевская" жаңы кеңсебизде Сиздер менен иш алып барып жаткандыгыбыздын өзү зор бакыт.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу астында жаңы технологияларды өздөштүрүүнүн аркасында жөнгө салынган кредиттөө программасы кеңири кучак жайып, кредит портфели өсүп, анын сапаты кыйла жакшырууда.

Банктын эмгек жамааты – анын келечеги. Адамдык мамиле – ишенимдүү алга илгерилөөнүн пайдубалын түптөп, атаандаштык жөндөмдүүлүктү арттырууда.

Ал эми кардарлардын ишеними – биздин алдыга койгон үмүт-тилегибизден келип чыккан баалуулук. Кардарлардын, акционерлердин жана өнөктөштөрдүн каражатына сарамжалдуулук менен аяр мамиле – бизге болгон ишеним.

“Азия Банкынын” эмгек жамааты кызматташып жаткандарга терең ыраазычылыгын билдирүү менен биз туу туткан баалуулуктар эч качан өзгөрбөй тургандыгына ишендирип кетет.

Кыргызстанга гүлдөп өнүккөн кең келечек, ал эми анын көп улуттуу калкына ачык асман, байгерчилик турмуш, орошон ийгиликтерди каалайбыз!

 

Атакишиева Земфира Акишовна

 "Азия Банкы" ЖАКтын башкармасынын төрагасы




-->
Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию