• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Директорлор кеңеши

УРМАТТУУ КАРДАРЛАР ЖАНА ӨНӨКТӨШТӨР,

«АЗИЯ БАНКЫ» ЖАКтын  ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИ СИЗДЕР МЕНЕН САЛАМДАШЫП ТУРГАНДЫГЫНА ТЕРЕҢ КУБАНЫЧТА!

Директорлор кеңеши «Азия Банкы» ЖАКтын корпоративдик башкаруу системасынын маанилүү элементтеринин бири болуп саналат жана банк ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат. Директорлор кеңеши кардарлардын жана акционерлердин таламдарын көздөө менен иш алып барат.

Банк ишин өнүктүрүү  стратегиясын иштеп чыгууга жана кабыл алууга катышуу, банктын аткаруу органдарын түзүү жана алардын ишине контролдүктү, ички көзөмөлдүктү жана тобокелдиктерди тескөө системасынын иш натыйжалуулугуна баа берүүнү уюштуруу, кадр саясатын аныктоо жана банк ишине тиешелүү маселелер боюнча чечимдерди иштеп чыгууга катышуу – Директорлор кеңешинин негизги милдети болуп саналат.

Корпоративдик башкарууда эл аралык тажрыйбаны колдонууга киргизүүнү улантуу, операциялык жана финансылык иш жыйынтыгын камсыз кылуу, узак мөөнөткө каралган банктын иш багытын белгилөө, кардарлардын жана акционерлердин таламын коргоону камсыз кылган өз ара алгылыктуу кызматташууну өнүктүрүү стратегиясын аныктоо – Директорлор кеңешинин негизги иш багыты.   

Ушул милдеттерди чечүүдө ар кандай иш чөйрөсүндө иш алып барган көз карандысыз директорлордун баалуу тажрыйбасына таянат. Директолор кеңешинин мүчөлөрүнүн иш тажрыйбасы, ошондой эле банктын эмгек жамаатынын биргелешкен күч-аракети банкка экономикалык кыйынчылыктарды жеңе билип, алдыга коюлган милдеттерди аткарууга өбөлгө түзөт.

Банктын эмгек жамааты жетишилген ийгиликтер менен эле токтолуп калбайт. Көптөгөн иштер али алдыда. Биз кандай болбосун экономикалык жагдайларда ишенимдүү иш алып барып, туруктуулугубузду далилдөөгө мүмкүндүк берген чечимдерди кабыл алабыз.

Келечек кандай болорун алдын ала болжолдоо менен билим деңгээлибизди, иш билгилик жөндөмдүүлүктү жана бардык күч-аракетти банктын алдыга койгон максаттарын жана миссиясын ишке ашырууга багыттайбыз.

Кардарларды сапаттуу тейлөөгө алып, кызмат көрсөтүү чөйрөсүн арттырып жаткандыгы үчүн өз  кызматкерлерибизге, ал эми биз менен иш алып баруу ниетин билдирип, бизди тандаган кардарларыбызга, бизге ишеним көрсөтүп, колдоп жаткан акционерлерге жана өнөктөштөргө терең ыраазычылык билдиребиз. 

 

Бейшеналиева Назира Тутановна
Директорлор кеңешинин төрайымы

Ли Джонг Бэк
Директорлор кеңешинин мүчөсү

Ниязов Эрмек Тургунбекович 
Директорлор кеңешинин мүчөсү

Жантаева Айжан Жумабековна 
Директорлор кеңешинин мүчөсү

Медеров Данияр Султанович
Директорлор кеңешинин мүчөсү

Омоев Тимур
Директорлор кеңешинин мүчөсү

Бубеев Мухтар Сапаралиевич
Директорлор кеңешинин мүчөсү



-->
Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию