• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Банктын жетекчилиги

Кардарларды кабыл алуу.pdf

БАШКАРУУ

Атакишиева Земфира Акишовна

Банк Башкармасынын төрайымы

1980-жылы Харьков радиоэлектроника институтун “Электрондук-эсептөө машиналары” адистиги боюнча ийгиликтүү аяктап, 36 жылдан ашуун жалпы эмгек стажына ээ.

1980-жылдан 1998-жылга чейинки аралыкта мамлекеттик жана менчик уюмдарда ар кандай кызмат орундарында иштеп келген. 1998-жылдан 2007-жылга чейин "Айыл-Банк" ААКсында бухгалтердик адис болуп иштеп, андан соң бөлүмдүн начальниги, кийинчерээк "Айыл-Банк" ААКсынын Төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.

2007-жылдан тартып “Азия Банкы” ЖАК Башкармасынын Төрагасынын орун басары кызматына которулуп, IT, бэк-офис жана карттар менен иш алып баруу багытын түздөн-түз тескөөгө алып келген.

2017-жылдын 13-июлунан тартып Атакишиева Земфира Акишовнанын аталган банк Башкармасынын Төрайымы кызматына талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына макулдашылган. 

Земфира Акишовна өз ишин мыкты билген кесипкөй жетекчи, Кыргыз банктар бирлигинин “Мыкты кызматкер” төш белгисине жана Ардак грамотасына татыктуу болгон.

 

Курманбеков Чынгыз Калиевич

Банк Башкармасынын төрайымынын орун басары

1993-жылы Москва шаарында Плеханов атындагы Россия экономикалык академиясынын «Экономикалык жана социалдык пландаштыруу» адистигин боюнча ийгиликтү аяктап, негизги финансылык инструменттер, атап айтанда баалуу кагаздар рыногу жана казына операциялары боюнча 23 жылдык эң мыкты иш тажрыйбасына ээ.

Эмгек жолун 1993-жылы «Кыргызагроөнөржай» банкында тышкы экономикалык иш бөлүмүндө жетектөөчү эконономист кызматынан баштап, 1996-жылы «Акылинвестбанк» ААКсынын валюталык операциялар жана баалуу кагаздар бөлүмүнүн начальниги кызматына дайындалган. 2000-жылдан 2007-жылга чейин «Азия Банкы» ЖАКтын эсептешүүлөр жана дилингдик операциялар бөлүмүнүн начальниги, 2007-жылдан 2015-жылга чейин «Азия Банкы» ЖАКтын филиалынын директору болуп иштеген.

2015-жылдан бүгүнкү күнгө чейин «Азия Банкы» ЖАКтын Башкармасынын төрагасынын орун басары кызматында, казыналык жана регионалдык түйүндүн ишин түздөн-түз тескөөгө алып келет.

 

 

Исмаилов Эдиль Джолдошбекович

Банк Башкармасынын төрайымынын орун басары

1996-жылы Бишкек шаарындагы Агрардык академияны экономист-менеджер адистиги боюнча аяктаган. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу башкаруу академиясында менеджмент багытынын магистри даражасына ээ болгон. Кредитөө маселеси боюнча квалификациялуу адис катары 20 жылдык иш тажрыйбага ээ.

2011-жылы «Залкар Банк» ААКсынын Башкармасынын төрагасынын орун басары болуп дайындалып, 2012-жылдан 2015-жылга чейин «Азия Банкы» ЖАКтын Башкармасынын төрагасынын кеңешчиси болуп иштеген.

2015-жылдын декабрынан тартып бүгүнкү күнгө чейин «Азия Банкы» ЖАКтын Башкармасынын Төрагасынын кредиттик иш багытын түздөн-түз тескөөгө алган орун басары кызматын аркалап келет.

 

 

Шокенов Мыктыбек Кубанычбекович

Банк Башкармасынын мүчөсү

2000-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясынын Экономика факультетин “Бухгалтердик эсеп жана аудит” адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган. Ал эми 2006-жылы ушул эле академияда аспирантураны бүтүргөн.

Финансы-банк чөйрөсүндө 18 жылдан ашуун жалпы эмгек стажга ээ болуп, анын ичинен 13 жыл түздөн-түз банк системасында иштеген. Коммерциялык банктарда операциялык иш багытын, финансылык талдап-иликтөөлөр жана бухгалтериянын ишин жетектеген. 2010-жылдан 2017-жылга чейин “Азия Банкы” ЖАКтын башкы бухгалтери кызматын аркалаган.  

Мамлекеттик кызматтарда жана долбоордук жана менчик уюмдарда да иштеп, тажрыйба топтоп, мугалимдик ишти да айкалышта аткарууга жетишкен. Эл аралык финансылык отчетту өздөштүрүү боюнча дипломго (АССА ДипИФР) жана CAP сертификатына ээ. Бир катар илимий жана аналитикалык макалалардын автору. Учурда, Кыргыз банктар бирлигинин окуу борборунда “Бухгалтердик банктык эсеп” курсу боюнча лекция окуйт.

2017-жылдын июль айында “Азия Банкы” ЖАКтын Башкармасынын Төрагасынын орун басары кызматына дайындалган.

 


Тен Владислав Виссарионович 

Башкармалыктын мүчөсү

Финансы жана банк тармагында 26 жылдык тажрыйбасы бар. Кесиптик жолу 1996-жылы АКБ Кыргыз КРАМДС-банкында маалыматтык технологиялар боюнча адис болуп ишке киргенде башталган.

2005-жылы «Азия Банкы» ЖАКка келип, Кредиттик департаменттин жетекчисинин орун басары кызматын ээлеген. 2007-2017-жылдар аралыгында Владислав Тен «Ак-Чий» филиалын, андан кийин «Киев» филиалын ийгиликтүү жетектеген.

2017-2023-жылдары Бизнести өнүктүрүү боюнча директор болуп иштеген, ал эми 2023-жылдын 12-майынан азыркыга чейин «Азия Банкы» ЖАК Башкармалыгынын мүчөсү кызматын ээлейт. Банктын маркетинг, санариптик өнүгүү жана карталык бизнесин көзөмөлдөйт. 

«КБСнын отличниги» төш белгисинин ээси.



-->
Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию