• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Интернет-банкинг

Интернет-Банкинг – бул, эсептерди 24/7 режиминде учур талабына ылайык ишенимдүү жана коопсуз шартта тескөөгө алуу ыкмасын сунуштаган, аралыктан тейлөө программасы. Ушул иш ыргагында толук кандуу ишти камсыз кылуу үчүн Интернетке туташкан компьютер гана талап кылынат. Толук кандуу иштеши үчүн Интернетке туташтырылган компьютер гана керек.

Интернет-банкинг ыңгайлуу убакытта, каалаган жерден төмөнкүдөй тиешелүү банктык операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет (карталык операциялардан тышкары):

  • банк ичинде жана банктар аралык төлөмдөрдү жүргүзүү;
  • валютаны конвертациялоо;
  • эсептердин жылышына көз салып туруу;
  • чет элдик валютадагы төлөмдөр.

Интернет-банкингге туташуу

«Интернет-Банкинг» тейлөө кызматынан пайдалануу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:

  • «Азия Банкы» ЖАКта эсептин болушу;
  • «Интернет-Банкинг» банкттык тейлөө кызматынан пайдаланууга өтүнүч катты тариздетүү;
  • «Интернет-Банкинг» системасында банктык тейлөө кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланууга келишим түзүү;
  • Пин-код жана логин камтылган конверти алуу.

Логин, Пароль жана СМС-кодду терүү менен “Интернет-Банкинг” тутумуна кире аласыз. Тутумдун коопсуздук деңгээлин жогорулатуу максатында Интернет-Банкингге “толук режимде” кирүү бир жолку СМС-кодду терүү менен ишке ашырылат. Бир жолку СМС-код колдонуучунун “Интернет-Банкинг” тутумуна туташууга жазган арызында көрсөтүлгөн телефон номуруна же электрондук дарегине келет.

Бир ирет киргизилчү СМС-код Кыргызстандын бардык мобилдик операторлорунун (Мегаком, Билайн жана О!) номерлерине жиберилет.

Чет жердеги колдонуучуларга тутумга кирүүгө мүмкүндүк берчү СМС-код алар көрсөткөн электрондук дарегине жөнөтүлөт.

Абоненттик төлөм - акысыз

Интернет-банкинг системасынан пайдалануу


-->
Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию