Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайбыз!
Урматтуу Кыргызстандыктар,
сиздерди тарых жана ата-бабалар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Бул күндөр Кыргызстандын тарыхын өзгөрткөн, өзгөчө жана маанилүү күндөр болуп саналат. Бул күндөр элибиздин өз мамлекетинин пайда болушу үчүн өбөлгө түзгөн күндөр.
7 жана 8-ноябрь совет бийлигинин учурунда болуп өткөн жакшы өзгөрүүлөргө жана тарыхта калган оор күндөргө, ошондой эле Кыргызстанды азыркы күнгө жеткирген ата-бабаларыбызды эскерүүгө арналган.
Өлкөбүздүн тарыхын ал окуялардан жүз жыл өткөнүнө карабастан ар дайым эстей жүрөлү жана өзүбүзгө таандык өзгөчөлүктү унутпайлы!