«Азия Банкы» ЖАК монгол Капитрон банкы менен макулдашууга кол койду.
"Азия Банкы" ЖАКнын Башкармалыгынын мүчөсү Шокенов Мыктыбек Кубанычбекович 2022-жылдын 21-24-июнда Монголияга таанышуу сапарына катышып келди.
Мамлекеттик органдардын, коммерциялык банктардын жана КР БУУӨП өкүлдөрүнөн турган делегация жашыл каржылоо демилгесин иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруудагы монгол банктарынын ийгиликтүү тажрыйбасы менен таанышты, бул жашыл каржылоону өнүктүрүү боюнча түзүү процесси жана планы менен таанышууга жана банктык жана банктык эмес секторлордун потрфелиндеги жашыл насыялардын үлүшүн өстүрүүгө мүмкүндүк берди.
Бул сапар Кыргыз Республикасынын финансы секторунун практикасына ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүн экендигине үмүт жана ишеним берди.
Ошондой эле бул сапардын жүрүшүндө «Азия Банкы» ЖАК монгол Капитрон банкы менен Кызматташтык тууралуу макулдашууга колдор коюлду.