- Башкы бет
- Партнеры
Партнеры
-
Россиялык-Кыргыз Өнүктүрүү фонду (РКӨФ)
Россиялык-Кыргыз Өнүктүрүү фонду (РКӨФ)
Эл аралык өнөктөш:
Россиялык-Кыргыз Өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы 2014-жылдын 29-майындагы “Евразиялык экономикалык интеграциясынын шарттарында экономикалык кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө” Макулдашууга ылайык уюмдаштырылган жана иштейт. 2016-жылдын июнунда «Азия Банкы» ЖАК РКӨФ менен төмөнкүдөй багыттар боюнча чакан жана орто бизнестин субъекттерин каржылоо үчүн 1.4 миллион АКШ доллар суммасына кызматташуу тууралуу Макулдашууга кол койгон: негизги каражаттарды сатып алуу, жаңыртуу, кеңейтүү жана модернизациялоо, төмөнкүдөй багыттар боюнча: агро өндүрүш комплекси, тигүү жана текстиль өндүрушү, кайра иштетүүчү өндүрүш, тоо кен өндүрушү жана металл өндүрүү өндүрүшү, транспорт, инфротүзүмдү, туризм жана медицина инфротүзумүн өнүктүрүү жана башка ондүрүш багытындагы узак мөөнөттү инвестициялар.
2018-ж. «Азия Банкы» ЖАК РКӨФ менен чакан жана орто бизнестин субъекттерин каржылоо үчүн 2 миллион АКШ доллар суммасына кызматташуу тууралуу Макулдашууга кол койгон.
-
Симбиотикс
Симбиотикс
Эл аралык өнөктөш:
Симбиотикс, Щвейцария – инвесторлор жана башкаруу фонддору үчүн микрокаржылоо чөйрөсүндө профессионалдык тейлөө кызматтарын көрсөтүүгө адистешкен дүйнөдөгү алдынкы компаниялардын бири болуп саналат. Компаниянын ишмердүүлүгүнүн чөйрөсүнө рынокту изилдөө жана талдоо, инвестициялык каражаттарды жайгаштырууда башкаруу жана көмөктөшүү, келишимдерди түзүү кирет. Ийгиликтүү сүйлөшүүлордүн натыйжасында 2015-жылы «Азия Банкы» ЖАК Кыргызстанда чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө Симбиотикстен 1,5 миллион АКШ долларын алды.
-
ResponsabilityInvestments AG
ResponsabilityInvestments AG
Эл аралык өнөктөш:
ResponsabilityInvestments AG, инвестициялар чөйрөсүндө алдынкы дүйнөлүк башкаруу компаниялардын бири. Анын негизги продуктусу – жеке жана институционалдык инвесторлор үчүн кесипкөй башкаруу инвестициялык чечимдер. Өзүнүн ишмердүүлүгүнүн алкагында бул ишканалар калктын кеңири катмарлдарынын негизги керектөөлөрүн канааттандырат, ошондой эле экономикалык өнүктүрүүнүн драйвери болуп саналат – бул узак мөөнөттү келечекте жыргалчылыкты жогорулатууга алып келет. 2003-жылы штаб-квартирасы Цюрихте түзүлгөн компания Бангкокто, Женевада, Гонконгдо, Лимада, Люксембургда, Мумбаиде, Найробиде, Ослодо жана Парижде жергиликтүү бөлүмдөргө ээ. 2015 – жылы «Азия Банкы» ЖАК Кыргызстанда чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө Responsibility 1 миллион доллар алды.
-
International Finance Corporation
International Finance Corporation
Эл аралык өнөктөш:
International Finance Corporation
Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) Дүйнөлүк банктын Тобунун уюмдарынын бири жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жеке сектору менен гана иштөөчү глобалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ири мекемеси болуп саналат. Азыркы учурда IFC Кыргыз Республикасында инвестициялык ишмердүүлүктү ишке ашырат жана каржы институттарында институционалдык дараметти өнүктүрүү үчүн укуктук-ченемдик базаны иштеп чыгууга; жеке секторду жана ылайыктуу инвестициялык климатты өнүктүрүү үчүн корпоративдик башкарууну өркүндөтүүгө жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган консультативдик программалардын долбоорлорун ишке ашырат. Каржы инфротүзүмүн бекемдөө IFC каржы кризисине жообунун негизги компоненти болуп саналат.
-
MicrofinanceEnhancementFacility SA, SICAV-SIF
MicrofinanceEnhancementFacility SA, SICAV-SIF
Эл аралык өнөктөш:
MicrofinanceEnhancementFacility SA, SICAV-SIF –KfWEntwicklungsbankи Эл аралык каржы корпорациясы (IFC), Дүйнөлүк банктын Тобунун мүчөсү член 2009-жылы микрокаржы уюмдар үчүн кыска жана орто мөөнөттүү каржылоону камсыз кылууга түзүлгөн. МЭФтин максаты өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө экономикалык абалды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү саналат. 2015-жылы «Азия Банкы» ЖАК DueDiligence ийгиликтүү өтүп, Кыргызстанда ЧОБду өнүктүрүүгө MicrofinanceEnhancementFacility SA, SICAV-SIF 1 миллион доллар алды.
-
Реконструкциялоо жана Өнүктүрүүнүн Европа Банкы (РӨЕБ)
Реконструкциялоо жана Өнүктүрүүнүн Европа Банкы (РӨЕБ)
Эл аралык өнөктөш:
Реконструкциялоо жана Өнүктүрүүнүн Европа Банкы (РӨЕБ)– 1991 –жылы 61 өлкө жана эки эл аралык уюм менен тузүлгөн инвстициялык механизм. РӨЕБ региондогу эң ири инвесторлордун бири болуп саналат, жана бөлүнүп берилген каражаттардан тышкары, ошол эле учурда түз чет элдик инвестицияларды тартат. РӨЕБ каражаттарды жаңы өндүрүштөргө да, иштеп жаткан фирмаларга да жумшап, банктардын, ишканалардын жана кампаниялардын долбоордук каржылоосун жүзөгө ашырат. 2013-жылдан тартып «Азия Банкы» ЖАК РӨЕБ менен активдүү кызмтташууда.
-
Мамлекеттик ипотека компаниясы
Мамлекеттик ипотека компаниясы
Мамлекеттик ипотека компаниясы. Кыргыз Республикасында ипотека насыясынын механизмин толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуу, ошондой эле социалдык чөйрөнүн кызматчыларын, аскер кызматчыларын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылырын ипотекалык насыялоо аркылуу турак жай менен камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын кабыл алуу жана ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында 2015-жылдын 15-июлунда Өкмоттүн Токтому менен “Мамлекеттик ипотека компаниясы” ачык акционердик коому түзүлгөн. “Жеткиликтүү турак жай” Программасын өнүктүрүүгө көмөктөшкөн Кыргыз Республикасында ипотекалык насыялоонун механизминин толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында каржылоону тартуу.
-
Кыргызстандын банктар союзу
Кыргызстандын банктар союзу
Кыргызстандын банктар союзу «Азия Банкы» ЖАК мүчөсү болуп саналган коммерциялык банктардын, каржы-насыя мекемелеринин ыктыярдуу бирикмеси.
-
Кыргыз Республикасындагы Америкалык Соода Палатасы
Кыргыз Республикасындагы Америкалык Соода Палатасы
Кыргыз Республикасындагы Америкалык Соода Палатасы (AmCham) – Кыргызстанда жагымдуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү бизнес чөйрө түзүүгө умтулган алдыңкы эл аралык бизнес-ассоциация. AmCham эл аралык майданда жергиликтүү бизнестин, ошондой эле Кыргызстандагы чет өлкөлүк компаниялардын кызыкчылыктарын көздөө менен, 80тан ашуун компания менен иш жүргүзөт. Өз ишмердигин жүзөгө ашырууда өз ара пайдалуу чечимдерге жетүү үчүн AmCham ишкерлер, саясатчылар жана инвесторлор отосунда байланыштыруучу звено ролун аткарат.Эл аралык ишкердик кеңеши «Азия Банкы» ЖАК Эл аралык ишкердик кеңешинин мүчөсү болуп саналат. Эл аралык ишкердик кеңеши (ЭИК) – 2000 жылы түзүлүп, жыл сайын өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип келген жана азыркы учурда Кыргызстандын ири бизнес-ассоциациясы болуп саналат. ЭИКтин максаты болуп өлкөдө экономикалык климатты өнүктүрүү саналат.
-
«Насыя Маалыматын Колдонуучулардын Ассоциациясы» ЮЖБ
«Насыя Маалыматын Колдонуучулардын Ассоциациясы» ЮЖБ
«Насыя Маалыматын Колдонуучулардын Ассоциациясы» ЮЖБ 2003-жылы 17-мартта түзүлгөн. Уюмдаштыруучулар катары «Азия Банкы» ЖАК, «ДемирКыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК жана «Оптима Банк» ААК (уюмдаштыруу учурунда «Энергобанк» ААК) чыгышты. «Насыя Маалыматын Колдонуучулардын Ассоциациясы» - Кыргызстандын аймагында зайымчылар тууралуу маалыматты чогултуу, иштетүү жана сактоо менен алектенген жалгыз насыя бюросу. Өзүнүн ишмердүүлүгүнүн процессинде Ассоциация өнүгүүнүн ар кандай этаптарында жардам көрсөткөн жана насыя маалыматы менен алмашуу системасына колдоо көрсөтүүнү улантуучу РӨЕБ, USAID, IFC, SECO, GIZ, MFC жана башка эл аралык уюмдары менен бекем жана ишенимдүү өнөктөш мамилелерди түзө алды.