«Азия Банкы» Кыргызстанда санариптик каржылык инструменттерди жана онлайн-сооданы өнүктүрүүгө арналган электрондук коммерция форумуна катышты.
Панелдик талкуунун алкагында «Азия Банкынын» Башкармалыгынын мүчөсү Владислав Виссарионович Тен e-commerce тармагындагы тенденциялар жана санариптик чөйрөдө иш алып барган ишкерлерди колдоодо банк секторунун ролу тууралуу эксперттик пикирин билдирди.
Ал «Азия Банкы» онлайн-төлөмдөрдү өнүктүрүүгө жана ишкерлер менен кардарлардын каржылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган инновациялык чечимдерди активдүү киргизип жатканын белгиледи.
Мындай иш-чараларга катышуу «Азия Банкынын» өлкөнүн экономикасын санариптик трансформациялоого салым кошкон ишенимдүү жана технологиялык өнөктөш катары статусун тастыктайт.