...
Азия Банкы

Социалдык облигациялар

«Азия Банкы» ЖАК 2024-жылы Кыргыз Республикасынын рыногунда социалдык облигациялардын экинчи жеке эмиссиясын чыгарды.

Долбоор туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) камтыйт: №1 (жакырчылыкты жоюу), 5 (гендердик теңчилик), 8 (татыктуу эмгек жана экономикалык өсүш), 10 (теңсиздикти азайтуу).  Бул демилге 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын бир катар мамлекеттик программаларын, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бизнесин өнүктүрүү Программасын ишке ашыруунун бир бөлүгү болуп саналат, фонд рыногун өнүктүрүүгө, ESG облигацияларынын көлөмүн көбөйтүүгө, ишкерлердин бизнесин колдоого жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Долбоор эл аралык стандарттарга ылайык келет. Банкта социалдык каржылоо, гендердик саясат жаатында негизги саясаттар бар, ESG-комитет иштейт ж. б.

Социалдык облигацияларды жабык (жеке) жайгаштыруу ачык рынокто эмес, чектелген инвесторлор тобуна сунушталат. Мындай облигациялар өзгөчө социалдык багытка ээ жана коомдук пайдаларды, саламаттыкты сактоо инфраструктурасын, билим берүүнү, экологиялык программаларды өнүктүрүүнү же калктын аялуу катмарын колдоону камсыз кылган долбоорлорду каржылоо үчүн чыгарылат.

 Социалдык облигацияларды жеке жайгаштыруунун өзгөчөлүгү:

  • Инвесторлордун чектелген чөйрөсү (банктар, камсыздандыруу компаниялары, пенсиялык фонддор ж. б.);
  • Шарттардын ийкемдүүлүгү (мөөнөттөрү жана чендери боюнча);
  • Тез жайгаштыруу;
  • Купуялык жана жашырындуулук;
  • Социалдык багыт (жакырчылык менен күрөшүү боюнча программага, билим алууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, жеткиликтүү турак жай курууга ж. б.);
  • Жөнгө салуу.

«Азия Банкы» ЖАКтын социалдык облигацияларды чыгаруу боюнча программасынын максаты ишкерлердин бизнесин өнүктүрүү, аялдардын бакубаттуулугун жана жашоо-турмушун жакшыртуу, жумуш орундарын түзүү, эмгек шарттарын жакшыртуу болуп саналат. Каржыланган долбоорлор оң социалдык-экономикалык натыйжа бериши керек.

Тартылган ресурстар өндүрүш, айыл чарба, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө жана башка тармактарда чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө насыяларды берүүгө багытталат:

  • Өнөр жайлуулук;
  • Кен казуу жана чийки затты кайра иштетүү,
  • Жашыл каржылоо (анын ичинде ESG);
  • IT-технологиялар, Е-commerce;
  • Транспорт жана логистика,
  • жана Банктын максаттарына жана милдеттерине ылайык келген башка тармактар.

Социалдык облигациялардын параметрлери: 

  •   баалуу кагаздардын түрү: энчилүү;
  • чыгаруу формасы: документсиз, эсептерде жазуу түрүндө;
  •   Облигацияларды жайгаштыруу ыкмасы: жабык (жеке).
  •  100 000 (жүз миң) нускада жабык (жеке) сунушка болжолдонгон баалуу кагаздардын саны;
  •   бир облигациянын номиналдык наркы: 1 000 (бир миң) сом;
  •   Эмиссиянын көлөмү: 100 000 000 (жүз миллион) сом;
  •   Жайгаштырылган күнү – облигациялардын чыгарылышы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган учурдан тартып;
  • Жайгаштырып бүткөн күн –облигацияларды жайгаштыруу башталган учурдан тартып 1 жылдын ичинде;
  •  Облгиацияларды жүгүртүү мөөнөтү: 60 (алтымыш) ай;
  • Облигациялардын кирешелүүлүгү: жылдык 11 %;
  • Пайыздарды төлөө – квартал сайын.

 «Азия Банкы»  ЖАК Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.,көч Киевская, 192

 Тел.: +996 (312) 55-00-01, Факс: +996 (312) 55-01-82,

 e-mail: [email protected], веб-сайт:  www.bankasia.kg

 «СЕНТИ» Финансылык компания ЖЧКсы

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр.219,

9-кабат (Тоголок Молдо кес.)

Тел.: +996 (312) 61-45-89, 61-46-21, Факс: +996 (312) 61-00-25

 e-mail: [email protected];  веб-сайт: www.senti.kg