...
Азия Банкы

Кайтарым байланыш

Урматтуу кардарлар,

«Азия Банкы» ЖАК (мындан ары Банк) ишеним көрсөткөнүңүз жана пикир билдирүүгө мүмкүнчүлүк бергениңиз үчүн ыраазычылык билдирет. Банктын ар бир кардары Банктын жана анын кызматкерлеринин иши жөнүндө оозеки же жазуу түрүндө пикир калтыра алат.

Сиз Банкка кайтарым байланыштын бир катар каналдары аркылуу кайрыла аласыз:

  • Жөнөтүүчүнүн дареги жана байланыш маалыматтары көрсөтүлгөн кадимки почта аркылуу жөнөтүлгөн кат, г. Бишкек, ул. Аалы Токомбаева 35;
  • Төмөндөгү бетте толтурулган форма;
  • Төмөнкү электрондук почта дарегине жөнөтүлгөн кат: [email protected];
  • Колл-борборго чалуу үчүн телефон номерлери:

+996 (0312) 91-07-07                                      +996 (706) 96 77 07

+996 (559) 96 77 07                                        +996 (777) 96 77 07;

  • WhatsApp/Онлайн-чат: 0559 96 77 07;
  • Арыздар жана сунуштар китеби ар бир филиалда бар;
  • Банк ГО жетекчилерине же филиалдын директоруна жеке кабыл алуу өтүнүчү менен кайрылуу. Кабыл алуу Банктын иш сааттарында, сайтта жана/же маалымат тактасында жайгаштырылган бекитилген графикке ылайык жүргүзүлөт.

Жалпы бөлүм: +996 (0312) 55 00 01

Тейлөө сапатын жогорулатуу максатында, Банк «Азия Банкы» ЖАКта керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү Жобого ылайык, келип түшкөн ар бир кайрылууну кылдаттык менен карайт.

        Кароого алынбайт:

        • Жеке жана байланыш маалыматтары көрсөтүлбөгөн анонимдүү кайрылуулар;
        • Банктын кызматкерлеринин, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө карата уят сөздөрдү же кемсинткен сөздөрдү, коркутууларды камтыган кайрылуулар;
        • Жалаа жабуучу мүнөздөгү материалдарды, атайылап жалган маалыматтарды, башка адамдардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген жана ишкердик беделине доо кетирген сөздөрдү камтыган кайрылуулар;
        • Мурда каралган кайрылуулар;
        • «Азия Банкы» ЖАКнын компетенциясына кирбеген кайрылуулар.