...
Азия Банкы

ESG жөнүндө

“Гендердик облигациялар” биринчи эмиссия

«Азия Банкындагы» ESG. Туруктуу өнүгүүгө карай

«Азия Банкы» ЖАК туруктуу өнүгүү принциптерин карманат жана ESG (Environmental, Social, Governance) өзүнүн стратегиясына жана операциялык ишине активдүү интеграциялайт. Биз коом, кардарлар, кызматкерлер жана жаратылыш алдындагы жоопкерчилигибизди билебиз, ошондуктан экономикалык өсүшкө, социалдык адилеттүүлүккө жана экологиялык жыргалчылыкка көмөктөшүүчү мыкты тажрыйбаларды ишке ашырабыз.

Экологиялык жоопкерчилик

  • Жашыл каржылоо – максаттуу каржылоого байланыштуу долбоорлорду колдоо.
  • Санариптештирүү – кагаз жүзүндөгү документ жүгүртүүнү кыскартуу, электрондук архивди киргизүү, онлайн-банкингди, мобилдик сервистерди жана алыстан консультацияларды өнүктүрүү.
  • Жооптуу ресурстарды керектөө – энергияны жана сууну үнөмдөө, калдыктарды бөлүп чогултуу жана кайра иштетүү системаларын киргизүү.
  • Экологиялык транспорт – электромобилдерге өтүү, ошону менен CO₂ чыгындыларын азайтуу.

Социалдык жоопкерчилик

  • Кадрдык потенциалды өнүктүрүү – окутуу программалары, насаатчылык, мотивациянын жана карьералык өсүүнүн адилеттүү системасы.
  • Бирдей мүмкүнчүлүктөр – гендердик теңчилик принциптерин сактоо, инклюзивдүүлүктү жана басмырлабоону колдоо.
  • Финансылык сабаттуулук – кардарлардын финансылык продуктулар жана кызматтар жөнүндө билимин жакшыртуу боюнча билим берүү демилгелерин ишке ашыруу.
  • Жергиликтүү жамааттарды колдоо – кайрымдуулук долбоорлор, социалдык демилгелер жана калктын аярлуу катмарына жардам.
  • Эмгектин ыңгайлуу шарттары – коопсуз иш чөйрөсүн камсыз кылуу, кызматкерлердин ден соолугуна кам көрүү, психологиялык колдоо программалары.

Корпоративдик башкаруу

  • Комплаенс жана коррупцияга каршы саясат – финансылык кылмыштардын алдын алуу, алдамчылыктан коргоо жана мыйзам ченемдерин сактоо боюнча катаал чаралар.
  • Жооптуу корпоративдик башкаруу – тобокелдиктерди башкаруу системасы, натыйжалуу стратегиялык пландаштыруу жана көз карандысыз көзөмөл.
  • Отчеттуулуктун ачыктыгы – маалымат көрсөткүчтөрүн ачуу, туруктуу өнүгүү боюнча үзгүлтүксүз отчеттор жана кызыкдар тараптар менен диалог үчүн ачыктык.
  • Этика жана гудвилл – корпоративдик этика Кодексин сактоо, өнөктөштөр жана кардарлар менен чынчыл өз ара аракеттенүү.

Биздин туруктуу келечекке кошкон салымыбыз

«Азия Банкы» ЖАК дүйнөлүк стандарттарга шайкеш болууга гана эмес, Кыргызстандын финансы сектору үчүн жоопкерчилик чегин жогорулатууга да умтулат. Бизнести жоопкерчиликтүү жүргүзүү коомдун гүлдөп-өнүгүшүнө жана экономиканын гармониялуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деп ишенебиз.

Иконка Гендердик облигациялар Иконка Социалдык облигациялар

Иконка Коалиция WEFC Иконка Управление отходами