...
Азия Банкы

Жеке ишкерлер үчүн мобилдик банкинг

Asia online

Asia Online мобилдик тиркемесин жүктөп алыңыз да, Азия Банкынын кызматтарын онлайн колдонуңуз.

Бүгүнкү күндө ишкерди мобилдик банкингсиз элестетүү мүмкүн эмес – бул ылдамдыктан да, банктык кызматтарды алуудагы жана ар кандай төлөмдөрдү жүргүзүүдөгү ыңгайлуулуктан да көз каранды. «Азия Банкынын» Asia Online мобилдик банкинги – бул чөнтөк кеңсе сыяктуу, бирок анын өзгөчөлүгү – сиз каржылык каражаттарды эч кандай кыйналбастан өзүңүз башкарасыз. Бир нече жыл мурун банкка барып, картадан акча алуу жана салыктарды төлөө үчүн бир топ кагаздарды толтуруу керек болчу. Бүгүнкү күндө болсо, баары смартфондогу бир нече тийүүгө топтолгон.

«Азия Банкы» бардык ишкерлерге Asia Online мобилдик банкинг кызматына кошулууну жана ошону менен күнүмдүк маселелерди чечүүдө ыкчамдуулукту жана ыңгайлуулукту камсыз кылууну сунуштайт.

Бул салыктарды, айыптарды жана бажы төлөмдөрүн кошо алганда, 420дан ашык операцияны аралыктан жүргүзүүгө жөндөмдүү алмаштырылгыс жардамчы. QR-код, гросс жана клиринг системалары аркылуу башка банктарга онлайн төлөмдөрдү жүргүзүүгө, иштеп жаткан бизнестин кызматтары жана товарлары үчүн юридикалык жактын эсебине төлөмдөрдүн келип түшүүсүнө мониторинг жүргүзүүгө болот. Мунун баары банк бөлүмүнүн иш сааттарына байланбастан, 24/7 режиминде жеткиликтүү, бул өзгөчө ишкердик байланыштары океандын ары жагына жеткендер үчүн ыңгайлуу.

Asia Online ыңгайлуу мобилдик тиркемесин Google Play’ден да, App Store’дон да жүктөп алсаңыз болот.

«Азия Банкынын» мобилдик банкингин колдонуңуз, бир жерде турбаңыз! Анткени ал менен сиздин бизнесиңиз керектүү бийиктиктерге тезирээк жетет.

Asia Online – Бул сиздин ишенимдүү жардамчыңыз, анын жардамы менен эңсеп күткөн терезеге кезекке туруунун кереги жок, диванда жатып эле болгону бир нече тийүү менен эсептерди төлөп, акчаңызды башкара аласыз.

Asia Online мобилдик банкингинин функциялары

QR операциялары
QR аркылуу операцияларды жүргүзүңүз
Депозиттер
Жылдык 15% чейин пайыздык чен менен депозит ачуу
Онлайн насыя
Насыя алуу үчүн арыз калтыруу мүмкүнчүлүгү
Кызматтар
150дөн ашык кызмат түрлөрү жеткиликтүү
Swift
150дөн ашык кызмат түрлөрү жеткиликтүү
Astrasend
Astrasend которууларын онлайн кабыл алыңыз

Көп берилүүчү суроолор

Почта/телефон номерин өзгөртүү үчүн Банктын бөлүмүнө кайрылууңуз керек.

Эгерде Сиз операция түзүп, бирок тастыктабасаңыз, ал “түзүлдү” статусунда калып, тарыхта көрсөтүлөт. Сиз аны тарыхтан тандап, жокко чыгара же тастыктай аласыз.

Башкы экрандан эсепти/картаны тандап, ачылган терезеден “Эсеп көчүрмөсү” баскычын бассаңыз болот.

“Түзүлдү” статусундагы операцияны жокко чыгара аласыз. Эгерде операциянын статусу “Ийгиликтүү” болсо, анда Банкка кайрылууңуз керек. Клиринг/гросс/SWIFT операцияларына тиешеси жок. Аларды жокко чыгаруу үчүн Банкка кайрылуу зарыл.

Аутентификациянын түрүн почта/телефон → телефон/почта кылып өзгөртүү үчүн Меню -> Орнотуулар -> Билдирүү каналы бөлүмүнө кириңиз.

Скриншот жасоо үчүн Меню -> Орнотуулар -> Скриншот экран бөлүмүндө белгини коюңуз.

Паролду/ПИН кодду өзгөртүү үчүн Меню -> Орнотуулар бөлүмүнө кириңиз.

Бардык карталарыңызды жана эсептериңизди Башкы -> Эсептер жана карталар бөлүмүнөн көрө аласыз.

Кредитке арыз берүү үчүн Башкы -> Кредиттер -> Кредит тандоо -> Кредит алуу бөлүмүнө кириңиз.

Депозит ачуу үчүн Башкы -> Депозиттер -> Депозит тандоо -> Депозит ачуу бөлүмүнө кириңиз.

ПИН кодду өзгөртүү үчүн Эсептер жана карталар -> Карталар -> Карта -> Коопсуздук -> ПИН кодду өзгөртүү бөлүмүнө кириңиз.

Картаны бөгөттөө үчүн Эсептер жана карталар -> Карталар -> Карта -> Коопсуздук -> Картаны бөгөттөө бөлүмүнө кириңиз.

Картаны бөгөттөн чыгаруу үчүн Банк бөлүмүнө гана кайрылсаңыз болот.

Asia Online мүмкүнчүлүктөрү

1-кадам. Негизги меню

Тиркемени ачып, негизги менюдан «Депозиттер» бөлүмүнө кириңиз.

2-кадам. Депозитти тандоо

Депозиттин валютасын тандаңыз — жеткиликтүү варианттардын блогу пайда болот.
«Депозит ачуу» баскычын басыңыз.

3-кадам. Депозиттин шарттары

Депозиттин шарттары менен таанышыңыз жана «Андан ары» баскычын басыңыз.

4-кадам. Депозитти толуктоо

Сумманы чыгаруучу эсепти тандаңыз.
Депозиттин суммасын жана мөөнөтүн көрсөтүңүз.

5-кадам. Тастыктоо

Операцияны тастыктоо үчүн «Депозит ачуу» баскычын басыңыз.

6-кадам. Операциянын жыйынтыгы

Экранда «Депозит ачылды» деген билдирүү пайда болот.

7-кадам. «Менин депозиттерим» бөлүмү

Бул бөлүмдө сиз ачкан бардык депозиттер боюнча маалыматтарды көрө аласыз.

Шаг 1. Главное меню

Откройте приложение и перейдите в Главное меню.


Шаг 2. Счета и карты

Выберите раздел «Счета и карты» и нажмите на вашу карту.


Шаг 3. Меню карты

В меню карты перейдите в раздел «Безопасность».


Шаг 4. Сброс счётчика

Нажмите «Обнулить счётчик PIN-кода».


Шаг 5. Подтверждение

Подтвердите действие.


Счётчик PIN-кода успешно обнулён, теперь вы можете вводить PIN заново без ограничений.

Тиркемеге кошулуу үчүн документтер менен таанышуу зарыл:

  • Play Market же App Storeдо «Asia Online» тиркемесин жүктөп алыңыз;
  • Авторлоштуруудан өтүү үчүн банктын бөлүмүнө барыңыз же алыстан идентификациядан өтөңүз;
  • Авторлоштурулган маалыматтарды киргизиңиз жана дароо паролду өзгөртүңүз (анткени каттоодо телефондун номерине убактылуу пароль жөнөтүлөт);

Пройти онлайн идентификацию

Для использования мобильного приложения Asia Online необходимо пройти онлайн-идентификацию