Asia online
Asia Online мобилдик тиркемесин жүктөп алыңыз да, Азия Банкынын кызматтарын онлайн колдонуңуз.
Бүгүнкү күндө ишкерди мобилдик банкингсиз элестетүү мүмкүн эмес – бул ылдамдыктан да, банктык кызматтарды алуудагы жана ар кандай төлөмдөрдү жүргүзүүдөгү ыңгайлуулуктан да көз каранды. «Азия Банкынын» Asia Online мобилдик банкинги – бул чөнтөк кеңсе сыяктуу, бирок анын өзгөчөлүгү – сиз каржылык каражаттарды эч кандай кыйналбастан өзүңүз башкарасыз. Бир нече жыл мурун банкка барып, картадан акча алуу жана салыктарды төлөө үчүн бир топ кагаздарды толтуруу керек болчу. Бүгүнкү күндө болсо, баары смартфондогу бир нече тийүүгө топтолгон.
«Азия Банкы» бардык ишкерлерге Asia Online мобилдик банкинг кызматына кошулууну жана ошону менен күнүмдүк маселелерди чечүүдө ыкчамдуулукту жана ыңгайлуулукту камсыз кылууну сунуштайт.
Бул салыктарды, айыптарды жана бажы төлөмдөрүн кошо алганда, 420дан ашык операцияны аралыктан жүргүзүүгө жөндөмдүү алмаштырылгыс жардамчы. QR-код, гросс жана клиринг системалары аркылуу башка банктарга онлайн төлөмдөрдү жүргүзүүгө, иштеп жаткан бизнестин кызматтары жана товарлары үчүн юридикалык жактын эсебине төлөмдөрдүн келип түшүүсүнө мониторинг жүргүзүүгө болот. Мунун баары банк бөлүмүнүн иш сааттарына байланбастан, 24/7 режиминде жеткиликтүү, бул өзгөчө ишкердик байланыштары океандын ары жагына жеткендер үчүн ыңгайлуу.
Asia Online ыңгайлуу мобилдик тиркемесин Google Play’ден да, App Store’дон да жүктөп алсаңыз болот.
«Азия Банкынын» мобилдик банкингин колдонуңуз, бир жерде турбаңыз! Анткени ал менен сиздин бизнесиңиз керектүү бийиктиктерге тезирээк жетет.
Asia Online – Бул сиздин ишенимдүү жардамчыңыз, анын жардамы менен эңсеп күткөн терезеге кезекке туруунун кереги жок, диванда жатып эле болгону бир нече тийүү менен эсептерди төлөп, акчаңызды башкара аласыз.
Ачык оферта менен таанышуу Жеке адамдын ачык офертасы.pdf
Ачык оферта менен таанышуу Жеке ишкерди ачык офертасы.pdf
Кошулуу үчүн ачык оферта менен таанышуу керек;
Play Market же App Storeдо «Asia Online» тиркемесин жүктөп алуу;
Авторлоштуруудан өтүү үчүн банктын бөлүмүнө баруу;
авторлоштурулган маалыматтарды киргизүү жана дароо паролду өзгөртүү (анткени каттоодо телефондун номерине убактылуу пароль жөнөтүлөт);
Купуялуулук саясаты менен таанышуу
Ыңгайлуу тиркемелерди Google Play, App storeдон да жүктөп алсаңыз болот.