...
Азия Банкы

Биз жөнүндө

«Азия Банкы» ЖАК 1998-жылдын 10-февралында негизделген жана Кыргыз Республикасында 100% чет өлкөлүк капиталдын катышуусу менен түзүлгөн саналуу банктардын бири болуп калды. Банк өз ишин баштагандан бери кардарлар үчүн ишенимдүү өнөктөш болууга умтулуп, каржылык кызматтардын толук спектрин – насыялоо жана депозиттерден баштап эл аралык которууларга, кепилдиктерге жана заманбап санариптик чечимдерге чейин сунуштайт.
Бүгүн Азия Банкы — бул салттуу ишенимдүүлүктүн жана инновациялардын айкалышы. AsiaOnline мобилдик банкинги аркылуу кардарларга 400дөн ашык кызмат жеткиликтүү: онлайн насыялар, аманаттар, телефон номери жана QR-код аркылуу заматта төлөмдөр.
Биз региондо ESG (туруктуу өнүгүү жана бизнестин социалдык жоопкерчилиги) принциптерин киргизген алгачкы банктардын бири болгонубузга сыймыктанабыз. Дал ушул «Азия Банкы» Кыргызстанда аялдардын ишкердигин колдогон гендердик облигацияларды биринчилерден болуп чыгарган, ошондой эле жумуш орундарын түзүүгө, эмгек шарттарын жакшыртууга жана жашоо сапатын жогорулатууга өбөлгө түзгөн социалдык облигациялар жаатындагы демилгелерди активдүү өнүктүрүүдө.
Банк 25 жылдан ашык иштеген аралыгында ишенимдүү жана чынчыл өнөктөш катары кадыр-баркка ээ болуп, көптөгөн сыйлыктарга жана таанууга татыды, алардын арасында:

  • «Мыкты иш берүүчү» жана «Жылдын HR бренди» (2017),
  •  «Элкарт» системасын өнүктүрүү боюнча Эл аралык төлөм борборунун сыйлыктары (2017, 2018),
  • VISA Driving Cashless Together атайын сыйлыгы (2021),
  • Cbonds Awards CIS сыйлыгы — «Кыргызстандын баштапкы жайгаштыруу боюнча мыкты келишими» (2023).

«Азия Банкы» – Сиздин кадамыңыз. Биздин колдообуз!

1998-жылдан бери

Биз Кыргызстандын каржы рынокунда иштейбиз

1,3 млрд. KGS

Уставдык капитал

129 миңден ашык кардарлар

Кардарларды колдойбуз жана тейлейбиз

Ишеничтүүлүк жана туруктуулук

Биз адилеттүү жана ачык иштейбиз — өлкө боюнча миңдеген кардарлар бизге ишенет.

Заманбап санариптик кызматтар

Бардык керектүү кызматтар — бир колдонмодо. Катарларсыз жана керексиз барууларсыз.

Жеке мамиле

Биз укобуз жана түшүнөбүз — сизге туура келген чечимдерди сунуштайбыз.

Ыңгайлуу сунуштар

Ачык ставкалар, түшүнүктүү тарифтер жана бардык кардарлар үчүн пайдалуу сунуштар.

Миссия жана баалуулуктар

Адамдарга келечекте эркиндикти жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуучу ишеничтүү жана туруктуу каржы институту болуу.

“Азия Банкы” ЖАК  үчүн миссия – бул кызмат кылган иш, акча табуудан тышкары анын иштөөсүнүн маңызы. Бул миссия бизнестин баалуулуктарын жана принциптерин калыптандырат, Банктын багытталышын, анын көз карашын чагылдырат.  “Азия Банкы” ЖАК  үчүн негизгиси – карадрларга жана компаниянын миссиясын аткаруу үчүн өзүнүн дараметин башкарууга жөндөмдүү лидерлерди чоңойтууга жардам берүү.

Бириккен команда

“Азия Банкы” ЖАК активи болуп ар бир кызматкер өзүнүн иши үчүн жоопкерчилик тарткан инсандардан түзүлгөн команда саналат. Банк ар бир кызматкер өзүн компанияны өстүрүүгө жана өнүктүрүүгө жөндөмдүү лидер катары сезишин көздөйт.

Банктын милдети болуп натыйжалуу жана бириккен команданы калыптандыруу гана эмес, ошондой эле максаты Банк алдына койгон амбициялык максаттарга жетүү мүмкүндүгүн берген лидерлерди, алардын таланттарынын жана ийгиликтеринин өсүшүн колдоо чу корпоративдик маданиятты түзүү саналат. Банктын командасында мамилелер ишенимдин, ак ниеттүүлүктүн, ачыктыктын, колдоонун негизинде түзүлөт.

“Азия Банкы” ЖАК кызматкерлер бири бирине сый мамиле кылышат, бири биринин ой пикирин эске алышат, компаниянын миссиясын жүзөгө ашыруу үчүн өз ара аракеттенишет.

Канааттанган кардар

“Азия Банкы” ЖАК бардык аракети алдыга коюлган миссияны аткарууга багытталган. Банк өзү үчүн кардар бир жолу “Азия Банкы” ЖАК тандап алып, мындан ары да өзүнүн пикирин алмаштырбастан, эң мыкты тейлөө кызматын, жогорку сапаттагы сервисти “Азия Банкы” ЖАК гана алаарына ишенишин максат кылат.

Банктын кызматкерлери кардарлардын керектөөлөрүн жана каалоолорун терең изилдөө жана түшүнүү аркылуу кардарды тейлөөнүн сапатын жана анын Банкка лоялдуулугунун деңгээлин жогорулатуунун үстүнөн туруктуу иштерди жүрүзүшөт.

Өнүгүү

“Азия Банкы” ЖАК баштапкы максаты Кыргызстандын мыкты банктарынын катарына кирүү, активдерди өстүрүү, жакшы өнүккөн инфротүзүмгө, натыйжалуу ички башкарууга, позитивдүү имиджге жана биргелешкен күчтүү командага ээ болуу.

Бүгүнкү күндө “Азия Банкы” ЖАК жогоруда аталып кеткен бардык тапшырмаларды аткарууга жетише алды. Банк үчүн кийинки приоритет болуп технологиялык модернизациялоо жана жаңы технологияларды интеграциялоо аркылуу бекемдөө жана өнүгүү саналат. Мындан тышкары чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн таза экосистеманы түзүү, корпоративдик социалдык жоопкерчиликти жана Банктын туруктуу өнүгүүсүн бекемдөө боюнча активдүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Жогоруда берилгендин бардыгы Банкка жогорку натыйжаларга туруктуу жетишүүгө мүмкүндүк берет.

Ишеничтүүлүүк

Банк таянууга жана ишенүүгө мүмкүн болгон институт болушуна мүмкүндүк берген Банктын миссиясынын бири болуп ишеничтүүлүк саналат. “Азия Банкы” ЖАК кардардын алдында өзүнө алган милдеттенмелерди аткарат, өзүнүн жалпы абалы, насыяга жөндөмдүүлүгү жана төлөөгө жөндөмдүүлүгү тууралуу ачык маалыматты берет.

Өзүнүн кардарларынын кызыкчылыктарын коргоого максималдуу даяр болуу үчүн “Азия Банкы” ЖАК саясий озгорүүлөр жана экономикалык факторлор менен шартталган пайда болгон тобокелдиктерди кылдат мониторингдейт.

Банк №1 для тех, кто выбирает уверенность

Надёжные решения, проверенные временем и доверием тысяч клиентов.б