...
Азия Банкы

Акча которуулар

Уулуңузга айдын аягына чейин стипендия жетпей жатабы? Жубайыңыз эс алууга алыска учуп кетип, өзүнө шакек карап жүрөбү? Досуңузга шашылыш түрдө материалдык жардам керек болуп жатабы? Же балким, өзүңүзгө туулуп өскөн шаарыңызда күндүз шам менен издесеңиз да таппай турган бир нерсени сатып алышыңыз керек болуп жаткандыр? Кыскасы, сизге азыр дүйнөнүн бир жеринен экинчи жерине акча которуу өтө зарылбы? Муну тез, арзан жана кагаз иштери жок жасоонун оңой жолу – «Азия Банкында» иштеген акча которуу системаларынын бирин колдонуу.

Бул үчүн банктык эсеп ачуунун да кереги жок! Жөн гана паспортуңуз менен биздин банктын каалаган филиалына же бөлүмүнө келип, каякка жана канча «салгыңыз» келгенин айтсаңыз жетиштүү – ошондо керектүү сумма жер шарынын дээрлик бардык бурчуна дароо которулат. Биздин кызматкерлер тарифтер жана акча которуу ылдамдыгы боюнча оптималдуу вариантты сизге кубануу менен тандап беришет.

Көбүнчө кардарларды кайсы банкта «Юнистрим», Contact же башка тез төлөм системасы бар деген суроо кызыктырат. «Азия Банкында» өлкөнүн ичинде да, андан тышкары да иштеген бир нече акча которуу системалары бар.


Акча которууга болгон муктаждыгыңыз сөзсүз түрдө ишке ашаарына толук ишениңиз! Которумуңуздун абалын App Store же Google Play’ден жүктөп алсаңыз боло турган тиешелүү тиркемелер аркылуу каалаган убакта көзөмөлдөй аласыз.

Ар бир которуу системасы боюнча тарифтер менен бул жерден таанышууга болот.

Камтуу аймагы: Россия, Армения, Кытай, Түркия, Түштүк Корея, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, АКШ, Шри-Ланка, Индонезия, Индия, Филиппин, Таиланд, Вьетнам, БАЭ, Египет.

Которуунун валюталары:
RUB, USD, CNY, KRW, UZS, AZN, KZT, INR, PHP, THB, VND, AED, GBP.

Географиялык аймак: Россия Федерациясы жана алыскы чет өлкөлөр;

Которуу валютасы: RUB, USD;

Комиссия: которуу суммасынан 0%–1,5% чейин.

Камтуу – дүйнө жүзү боюнча

Валюта – россиялык рубль, АКШ доллары, евро, казакстандык теңге, швейцариялык франк, кытай юаны, жапон йени, англиялык фунт стерлинги.

Комиссия “Тарифтер” бөлүмүндө көрсөтүлгөн

Жеткирүү мөөнөтү – 2 күндөн баштап

Система түрү – эсептен эсепке

Камтуусу – РФ
Валюта – RUB
Комиссия – 0,5% дан баштап

Камтуусу – РФ жана КР
Валюта – USD

Камтуу – дүйнө жүзү боюнча

Валюта – USD

Комиссия – 2 АКШ долларынан баштап

Камтуу – дүйнө жүзү боюнча

Валюта – USD

Комиссия – 0,8% дан баштап

Камтуу – Россия, КМШ, Балтика өлкөлөрү жана алыскы чет өлкөлөр

Валюта – KGS,USD;

Комиссия – 0,8% дан баштап

Камтуу – Кыргызстан боюнча ЗАО «Банк Азии» тармагында

Валюта – КР сому, РФ рубли, АКШ доллары, Евро, казак теңгеси

Комиссия – 0,1%

Эскертүү – которуу эсеп ачпай жүргүзүлөт

Белгилүү болгондо пайдалуу: көп берилүүчү суроолорго жооптор

Банк эсебин ачпай акча которуулары

Ички которуулар үчүн:

  • Паспорт

  • Алуучунун реквизиттери (аты-жөнү, эсеп/карта номери, банк)

Эл аралык которуулар (SWIFT):

  • Паспорт

  • Алуучунун реквизиттери:

    • Аты-жөнү (паспорттогудай)

    • Дареги

    • Банктын аталышы жана дареги

    • SWIFT коду

    • IBAN же эсеп номери

  • Котормонун максаты (кээде кошумча документ менен — келишим, эсеп-фактура ж.б.)

Комиссиянын өлчөмү которуунун түрүнө жана багытына жараша өзгөрөт. Өзүңүзгө ылайыктуу кызматты тандаңыз — шарттарын салыштырып, эң пайдалуу вариантты тандаңыз. Эгер суроолоруңуз болсо, биздин колл-борборго кайрылыңыз — биз ар дайым жардам берүүгө даярбыз.

Сиз акчаны сом (KGS), АКШ доллары (USD), евро (EUR), тенге (KZT), рубль (RUB) жана башка айрым валюталарда жөнөтө аласыз. Так валюталардын тизмеси сиздин эсеп түрүңүзгө жараша болот.