Земфира Акишовна Атакишиева
Банк Башкармасынын төрайымы
1980-жылы Харьков радиоэлектроника институтун “Электрондук-эсептөө машиналары” адистиги боюнча ийгиликтүү аяктап, 36 жылдан ашуун жалпы эмгек стажына ээ.
1980-жылдан 1998-жылга чейинки аралыкта мамлекеттик жана менчик уюмдарда ар кандай кызмат орундарында иштеп келген. 1998-жылдан 2007-жылга чейин “Айыл-Банк” ААКсында бухгалтердик адис болуп иштеп, андан соң бөлүмдүн начальниги, кийинчерээк “Айыл-Банк” ААКсынын Төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.
2007-жылдан тартып “Азия Банкы” ЖАК Башкармасынын Төрагасынын орун басары кызматына которулуп, IT, бэк-офис жана карттар менен иш алып баруу багытын түздөн-түз тескөөгө алып келген.
2017-жылдын 13-июлунан тартып Атакишиева Земфира Акишовнанын аталган банк Башкармасынын Төрайымы кызматына талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына макулдашылган.
Земфира Акишовна өз ишин мыкты билген кесипкөй жетекчи, Кыргыз банктар бирлигинин “Мыкты кызматкер” төш белгисине жана Ардак грамотасына татыктуу болгон.
Чынгыз Калиевич Курманбеков
Банк Башкармасынын төрайымынын орун басары
1993-жылы Москва шаарында Плеханов атындагы Россия экономикалык академиясынын «Экономикалык жана социалдык пландаштыруу» адистигин боюнча ийгиликтү аяктап, негизги финансылык инструменттер, атап айтанда баалуу кагаздар рыногу жана казына операциялары боюнча 23 жылдык эң мыкты иш тажрыйбасына ээ.
Эмгек жолун 1993-жылы «Кыргызагроөнөржай» банкында тышкы экономикалык иш бөлүмүндө жетектөөчү эконономист кызматынан баштап, 1996-жылы «Акылинвестбанк» ААКсынын валюталык операциялар жана баалуу кагаздар бөлүмүнүн начальниги кызматына дайындалган. 2000-жылдан 2007-жылга чейин «Азия Банкы» ЖАКтын эсептешүүлөр жана дилингдик операциялар бөлүмүнүн начальниги, 2007-жылдан 2015-жылга чейин «Азия Банкы» ЖАКтын филиалынын директору болуп иштеген.
2015-жылдан бүгүнкү күнгө чейин «Азия Банкы» ЖАКтын Башкармасынын төрагасынын орун басары кызматында, казыналык жана регионалдык түйүндүн ишин түздөн-түз тескөөгө алып келет.
Эдиль Джолдошбекович Исмаилов
Банк Башкармасынын төрайымынын орун басары
1996-жылы Бишкек шаарындагы Агрардык академияны экономист-менеджер адистиги боюнча аяктаган. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу башкаруу академиясында менеджмент багытынын магистри даражасына ээ болгон. Кредитөө маселеси боюнча квалификациялуу адис катары 20 жылдык иш тажрыйбага ээ.
2011-жылы «Залкар Банк» ААКсынын Башкармасынын төрагасынын орун басары болуп дайындалып, 2012-жылдан 2015-жылга чейин «Азия Банкы» ЖАКтын Башкармасынын төрагасынын кеңешчиси болуп иштеген.
2015-жылдын декабрынан тартып бүгүнкү күнгө чейин «Азия Банкы» ЖАКтын Башкармасынын Төрагасынын кредиттик иш багытын түздөн-түз тескөөгө алган орун басары кызматын аркалап келет.
Мыктыбек Кубанычбекович Шокенов
Банк Башкармасынын мүчөсү
25 жылдан ашык каржы-банк тармагында тажрыйбасы бар кесипкөй, анын ичинен 22 жылы банк секторуна байланыштуу. К. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясын “Бухгалтердик эсеп жана аудит” адистиги боюнча артыкчылык диплому менен жана экономика илимдери боюнча аспирантураны аяктаган. ACCA DipIFR эл аралык квалификациясына, CAP сертификатына, ошондой эле ЭСФО, финансылык талдоо, салык салуу, комплаенс жана ESG жаатындагы кесиптик сертификаттардын кеңири топтомуна ээ.
“Азия Банк” ЖАКта 2010-жылдан бери иштейт. 2010–2017-жылдары башкы бухгалтердин кызматын ээлеген, ал эми 2017-жылдан бери Башкармалыктын мүчөсү. Стратегиялык жана оперативдүү пландоо, бюджеттештирүү, финансылык талдоо жана контроль, фондирование, корреспонденттик мамилелер, бухгалтердик эсеп, кредиттик администрациялоо, методология жана ESG багытын тескейт. Активдерди классификациялоо боюнча комитеттин төрагасы жана КУАП жана ESG комитетинин мүчөсү. Көп жылдык окутуучулук тажрыйбасы бар, Кыргызстан Банктар бирлигинин Банктык окуу борборунун жана ACCA DipIFR программасы боюнча тренер. Кыргызстан Банктар бирлигинин банк секторун өнүктүрүү маселелери боюнча жумушчу топторуна активдүү катышат. Бир катар кесиптик сыйлыктарга, анын ичинде “Кыргызстан Банктар бирлигинин отличниги” төш белгисине ээ.
Владислав Виссарионович Тен
Башкармалыктын мүчөсү
Финансы жана банк тармагында 26 жылдык тажрыйбасы бар. Кесиптик жолу 1996-жылы АКБ Кыргыз КРАМДС-банкында маалыматтык технологиялар боюнча адис болуп ишке киргенде башталган.
2005-жылы «Азия Банкы» ЖАКка келип, Кредиттик департаменттин жетекчисинин орун басары кызматын ээлеген. 2007-2017-жылдар аралыгында Владислав Тен «Ак-Чий» филиалын, андан кийин «Киев» филиалын ийгиликтүү жетектеген.
2017-2023-жылдары Бизнести өнүктүрүү боюнча директор болуп иштеген, ал эми 2023-жылдын 12-майынан азыркыга чейин «Азия Банкы» ЖАК Башкармалыгынын мүчөсү кызматын ээлейт. Банктын маркетинг, санариптик өнүгүү жана карталык бизнесин көзөмөлдөйт.
«КБСнын отличниги» төш белгисинин ээси.