...
Азия Банкы

«Банк Азии» ЖАК студенттер үчүн финансылык коопсуздук боюнча лекция өткөрдү

2026-жылдагы Дүйнөлүк аманат жумалыгынын алкагында «Банк Азии» ЖАКтын Каракол филиалы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенттери үчүн агартуу лекциясын өткөрдү.

Жолугушуунун негизги темасы финансылык алдамчылыктын кеңири тараган түрлөрүнүн бири болгон дропперлик болду. Студенттерге алдамчылар адамдарды мыйзамсыз финансылык операцияларга кантип тартары, эмне үчүн банк карталарын берүүгө жана банк эсептерине үчүнчү жактардын кирүүсүнө жол бербөө керектиги түшүндүрүлдү.

Ошондой эле катышуучулар шектүү сунуштарды кантип аныктоо, жеке финансылык маалыматтарды коргоо жана банктык кызматтарды коопсуз пайдалануу боюнча маалымат алышты.

«Банк Азии» ЖАК жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга жана жеке каражаттарга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу маданиятын калыптандырууга багытталган демилгелерди колдоону улантат.

#WSDKG2026 #WSD2026