«Банк Азии» ЖАК финансылык сабаттуулукту жайылтуу жана пайдалуу финансылык адаттарды калыптандыруу максатында Instagram социалдык тармагында сынак жарыялады.
Сынакка катышуу үчүн банк баракчасындагы сынак жарыясынын астындагы комментарийлерде же өзүнчө постто пайдалуу финансылык адатыңыз менен бөлүшүп, банктын баракчасына катталып, жарыяны #ФинансыБанкАзии хэштеги менен сториске бөлүшүп, комментарийде досуңузду белгилөө керек.
Эң кызыктуу үч жооптун автору каалаган тасмага эки кишилик кино билеттерине ээ болот.
Сынактын толук шарттары «Банк Азии» ЖАКтын расмий Instagram баракчасында жарыяланган.
#WSDKG2026 #WSD2026


