«Азия Банкы» ЖАК «Элкарт+» картасы менен акция өткөрүп жатат. Сатып алууларды жасап, баалуу байгелерди утуп алыңыз. Акцияга катышуунун актуалдуу шарттары, өткөрүү мөөнөттөрү жана акция тууралуу толук маалымат акциянын баракчасында жеткиликтүү.
Картаны колдонуңуз — көбүрөөк артыкчылыктарга ээ болуңуз!
«Манас» аэропортундагы лаунж-зона
«Манас» аэропортундагы лаунж-зонага атайын баада — 1 300 сомго кирүү
Жүктү таңгактоого арзандатуу
Жүктү арзандатылган баада таңгактоо — 400 сом
Калдыкка эсептелүүчү төлөмдөр
5 000 сомдон баштап каражаттын калдыгына жылдык 3%
АКЦИЯНЫН ШАРТТАРЫ
Өткөрүү мөөнөттөрү:
Акция 2 этапта өткөрүлөт:
- 1-этап: 10-августтан 10-октябрга чейин
- 2-этап: 11-октябрдан 30-ноябрга чейин
Акцияга катышуу шарттары:
Акцияга катышуу үчүн «Элкарт+» картасын ачып, «Азия Банкы» тарабынан чыгарылган «Элкарт+» картасы аркылуу POS-терминалдарда товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөм жүргүзүү же «Элкарт+» картасына байланыштырылган «Элкарт Pay» сервиси аркылуу контактсыз төлөмдөрдү жүргүзүү зарыл.
- QR-код аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөр акциянын алкагында эсепке алынбайт.
- Сатып алуунун минималдуу суммасы — 300 сом.
Тиешелүү мезгил ичинде эң көп транзакция жүргүзгөн катышуучу жеңүүчү деп таанылат.
1-этаптын байгеcи:
- 1-орун — Sony PlayStation 5
- 2-орун — Өзбекстанга (Ташкент жана Самарканд шаарларына) 2 адамга саякатка сертификат
- 3-орун — Кыргызстан боюнча турга сертификат
2-этаптын байгелери:
- 1-орун — Apple MacBook Neo ноутбугу
- 2-орун — Казакстанга, Алматы шаарына 2 адамга саякатка сертификат
- 3-орун — Пикникке арналган топтом
Атайын байге — акциянын бүткүл мезгилинде, башкача айтканда 10-августтан 30-ноябрга чейин, төлөмдөрдүн эң жогорку жалпы суммасын жүргүзгөн катышуучуга электровелосипед берилет.
Акциянын толук эрежелери жана шарттары менен төмөндө таанышууга болот.
БАЙГЕЛЕР
Жеңүүчүлөрдү 20-октябрга чейин сыйлоо
Жеңүүчүлөрдү 20-декабрга чейин сыйлоо
жеңүүчүгө атайын сыйлык