...
Азия Банкы

Өзбекстанга Uzcard жана Humo карталарына 0% комиссия менен акча которуулар

«Азия Банкы» ЖАК Өзбекстанга комиссиясыз акча которууларды жүргүзүү үчүн Asia Online мобилдик тиркемесин колдонуу боюнча кардарларга жардам көрсөтүүгө багытталган маалыматтык кампанияны баштайт.

Кампаниянын алкагында банктын адистери кардарларга мобилдик тиркемени орнотууга, каттоодон өтүүгө жана идентификациядан өтүүгө көмөк көрсөтүп, акча которууларды кантип жүргүзүү керектигин көрсөтүп беришет.

Иш-чаралар июнь айынын бардык дем алыш күндөрү (6, 7, 13, 14, 20, 21, 27 жана 28-июнь) Ош жана Кара-Суу шаарларында өткөрүлөт. Мындан тышкары, иш күндөрү «Азия Банкы» ЖАКтын бардык бөлүмдөрүндө консультациялар жүргүзүлөт.

Ош шаарында көчмө консультациялык пункттар «Жаңы Ош базарынын» аймагында жана «Достук» көзөмөл-өткөрүү пунктунда, ал эми Кара-Суу шаарында борбордук базардын аймагында иштейт.

Банктын кызматкерлери кардарлардын суроолоруна жооп берип, акча которуу кызматын колдонуу боюнча жеринде жардам көрсөтүшөт.