...
Азия Банкы

Азия Банкы  КРдеги Аял-ишкерлерди каржылоо боюнча глобалдык кодексте

«Азия Банкы» ЖАК расмий түрдө Кыргыз Республикасында аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган Аял-ишкерлерди каржылоо кодексинин глобалдык демилгесине кошулду.

Эл аралык программа Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана КР Банктар Союзунун колдоосу менен ишке ашырылууда жана дүйнө жүзү боюнча жүз миңдеген аял-ишкерлерди бириктирүүдө.

Азия Банкы үчүн бул демилгеге катышуу буга чейин бул тармакта ишке ашырылган долбоорлордун логикалык уландысы болуп саналат. Банк буга чейин социалдык жана гендердик облигацияларды ийгиликтүү жайгаштырган, алардан түшкөн каражаттар аялдардын бизнесин каржылоого жана колдоого багытталган. Бул программалардын аркасында ондогон аял ишкерлер өз иштерин өнүктүрүү жана кеңейтүү үчүн капиталга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Демилгеге кошулуу менен, Азия Банкы аялдардын каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, атайын каржылык өнүмдөрдү түзүү, ошондой эле аялдар жетектеген долбоорлорду талдоо жана коштоо үчүн инновациялык ыкмаларды киргизүү боюнча жаңы милдеттенмелерди алат.

Банктын кардарлары үчүн бул жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат — жеңилдетилген кредиттик шарттардан баштап атайын консультацияларга чейин. Өнөктөштөр үчүн — бул туруктуу өнүгүүнүн эл аралык стандарттарынын жана ESG күн тартибинин алкагында кызматташтыкты бекемдөө.

«Women Entrepreneurs Finance Code Коалициясына кошулуу – бул инклюзивдүү экономиканы курууга жана Кыргызстанда бизнести өнүктүрүп жаткан таланттуу аялдарды колдоого кошкон салымыбыз. Бул демилге «Азия Банкына» болгон ишенимди бекемдеп гана тим болбостон, өлкөдө аялдардын ишкердүүлүгүнүн өнүгүшүнө күчтүү түрткү берет деп ишенебиз», – деп белгилешти Банктын жетекчилигинде.

Азия Банкы чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, каржылык инклюзияны кеңейтүүгө жана өлкө боюнча ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган демилгелерди активдүү колдоону улантат.

Маалымат үчүн:

WE Finance Code демилгеси 2017-жылы негизделген жана дүйнө жүзү боюнча 400 миңден ашуун аял ишкерлерди камтыган глобалдык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк болуп саналат. Австралия, Канада, Кытай, Дания, Германия, Япония, Нидерланды, Норвегия, Сауд Арабиясы, Түштүк Корея, БАЭ, Улуу Британия жана АКШ сыяктуу өлкөлөр донор болуп саналат.