Бизнесте спорттогудай эле, ар бир мүнөт маанилүү. Айрыкча, айлык акы төлөө жөнүндө сөз болгондо. Анткени, мындайды чыдамсыздык менен күтпөгөн бир дагы жамаат жок. Төлөөнүн тактыгы, ачыктыгы жана ыңгайлуулугу, бухгалтерияга кезексиз баруу – бул кесиптештер жетекчиликти баалаган нерселердин бири.
Анын үстүнө, бүгүнкү күндө бизнес жүгүртүүсү боюнча гана эмес, командадагы мамилелердин кандай курулганы боюнча да бааланат. Заманбап эмгек акы долбоору ресурстарды, убакытты үнөмдөйт жана компаниянын имиджин бекемдейт – жалпысынан алганда, бул сиздин бизнесиңиздин визиттик картасы.
Эгер сиз кызматкерлерине кам көргөн, ишенимдүү компаниясы бар жумуш берүүчү болгуңуз келсе, анда биздин «Азия Банкындагы» айлык долбоору сизге абдан керек!
Сиздин кызматкерлер үчүн банк «Элкарт» жана VISA төлөм системаларынын карталарын чыгарат, аларга сиздин бухгалтерияңыз айлык акы төлөйт.
Жумуш берүүчү катары сиз үчүн артыкчылыктары тууралуу кененирээк: бул бухгалтериянын жана кассанын ишин бир топ жеңилдетет; накталай акчаны сактоо жана ташуу коркунучу жок; толук купуялуулук сакталат; айлык акы өз убагында командировкада же өргүүдө жүргөндөргө да төлөнөт (акча дээрлик түгөнүп калганда, ал эми азгырыктар дагы эле көп болгондо, акча алуу кандай гана жагымдуу!).
Сиздин кызматкерлериңиз дагы айлык долбоорун жогору баалашат: жаныңызда калың капчык менен накталай акча алып жүрүүнүн кереги жок, каржыңыз дайыма жаныңызда (себеби аларды банкоматтан алып же эсептешүүдө мобилдик банкингди колдонсоңуз болот); андан тышкары, эсеп боюнча пайыздык чендерди алуу аркылуу кошумча киреше ала аласыз.
Кыскасы, айлык долбоору – бул күнүмдүк процедуралар сиздин артыкчылыгыңызга айланган учур.