
Visa Classic — бул Visa эл аралык төлөм системасына негизделген универсалдуу номиналдуу дебеттик төлөм картасы. VISA Classic картасы менен сиз дүйнөнүн каалаган өлкөсүндө сатып алууларды жана накталай акчаларды 24/7 төлөй аласыз/
Пластикалык картаны колдонуунун негизги артыкчылыктары-жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн тездиги жана ыңгайлуулугу: дээрлик бир тийүү менен! Жана чөнтөккө оордук келтирбейт (тактап айтканда: жаныңарга банкнотторду жана монеталарды алып кереги жок). Азык – түлүк же билет сатып алуу, коммуналдык кызматтарды же салыктарды төлөө, мейманканаларды, автоунааларды брондоо же башка нерселердин баарын – бир карта менен жасоого болот!
Visa Gold картасы дүйнө жүзү боюнча кабыл алынат, ал жерде «VISA-» системасы иштейт – демек, накталай акча алууда жана сатып алууда кыйынчылыктар болбойт. Анын балансын мобилдик банкингдин жардамы менен толуктоого болот.
Картаны чыгаруу акысыз. Картаны банктын бардык офистеринде ачууга болот.
“Достук түйүнү” банкоматтарында VISA картаны тейлөө
Сиздерге ыңгайлуу болуусу жана убакытты үнөмдөө үчүн биздин банк “Достук түйүнүн” түзүү жөнүндө “КИКБ” жак жана “Бакай Банк” ААК банктар менен өнөктөштүк келишимине кол койду.
Обслуживание наших клиентов Биздин кардарларды өнөктөш банктардын банкоматтарынын “Достук түйүнүндө” жана POS-терминалдарда тейлөө “Азия Банкы” ЖАКтын тарифтери боюнча жүргүзүлөт.
- Бүткүл өлкө боюнча банкоматтардын саны (АТМ) 330дан ашык
* POS-терминалдардын өлкө боюнча саны 300дөн ашык бирдик.