...
Азия Банкы

Visa Gold

Эң коркунучтуу крокодилдин терисинен жасалган капчык дагы сиздин акчаңызды жөнөкөй пластикалык картадай сактай албайт. Жана эч бир бухгалтер сизге акчаңыз канча жана кайда кеткени тууралуу дароо жооп бере албайт. Ал эми Visa Gold – бере алат!

Азыр эле онлайн арызды толтур

Ошондой эле ал соода түйүндөрүндө ар кандай төлөмдөрдү жүргүзүп, интернет аркылуу төлөмдөрдү жасай алат. Мындан тышкары, анын жардамы менен кошумча киреше табуу оңой, анткени картадагы каражаттын калдыгына жылдык 5% чегерилет. Аны биздин «Азия Банкынан» сомдук же долларлык эквивалентте ачсаңыз болот! Анын мөөнөтү 3 жылга чейин жетет. Демек, 3 жыл бою банкка барбай, акчаңызды жоготуп алуудан коркпой, сапаттуу тейлөөдөн жана банктык кызматтардын толук спектринен ырахат ала аласыз.

Негизинен, төлөм карталарын колдонуу чөнтөгүңүздө (же сумкаңызда) накталай акча алып жүргөндөн алда канча коопсуз, анткени карта пин-код менен корголгон, бул сиздин каржыңызды башка бирөөгө пайдаланууга жол бербейт. Интернеттен сатып алууларда карта сизден кошумча кодду сурайт, анткени 3-D secure атайын кызматы төлөмдөрүңүздүн коопсуздугун камсыздайт. Эгерде картаңыз жоголуп кетсе же уурдалса, сиз аны банктын Call-борборуна же Asia Online мобилдик тиркемесине бир чалуу менен бөгөттөп койсоңуз болот!

Пластикалык картаны колдонуунун негизги артыкчылыктары – төлөмдөрдүн тездиги жана ыңгайлуулугу: дээрлик бир тийүү менен! Жана чөнтөгүңүздө оордук сезилбейт (түзмө-түз: сиз өзүңүз менен накталай акча жана тыйын алып жүрүүнүн кереги жок). Мейли ал азык-түлүк же билет сатып алуу болобу, коммуналдык кызматтарды же салыктарды төлөө болобу, мейманканаларды, унааларды же башка көп нерселерди брондоо болобу – мунун баарын бир карта менен жасоого болот!

Visa Gold картасын дүйнө жүзү боюнча «VISA-онлайн» системасы иштеген жерлердин баарында кабыл алышат, демек, накталай акчага айландыруу жана валюта конвертациялоо кыйынчылыктарды жаратпайт. Анын балансын мобилдик банкинг аркылуу толуктоого болот.

Visa картасын «Азия Банкынын» каалаган филиалынан же бөлүмүнөн ачсаңыз болот, ошондой эле бул жерде сайтка арыз калтырып заказ кылсаңыз болот.

«Азия Банкы KICB жана «Бакай» банктары менен «Достук тармагына» кирет. Бул тармактагы банкоматтар аркылуу тейлөө достук тарифтер боюнча жүргүзүлөт, алар менен бул жерден таанышууга болот.»

«Азия Банкы» ЖАКсынын VISA эл аралык төлөм карталары – бул жөн гана ыңгайлуу төлөм куралы эмес, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча көптөгөн атайын сунуштар. Каалаган саякаттарыңызда жанатешелериңизде өзүңүзгө ыңгайлуу жана ишенимдүү шерик табыңыз!

«Азия Банкынын» банктык төлөм карталарын пайдалануу эрежелерин бул жерден көрүңүз.