...
Азия Банкы

Азия – Ийкемдүү

5 миң KGS
Минималдуу сумма
3-36 ай
Депозиттин мөөнөтү
10%
Пайыздык чен

Азия Банкынын депозиттик линиясы аныкталган шарттарга ылайык аманатчынын өзү аларды тескөөгө ала алгандай өзгөчөлөнгөн эксклюзивдик банктык аманат менен толукталды. Тагыраак айтканда,  салынган акча каражаты анын пайдасында канча убакыт иштей тургандыгын аманатчынын өзү аныктайт. Мудатан бери колдонулуп келген “ жыл – 24 айга -36 айга” эмес, кардар өзү үчүн эң эле алгылыктуу болгон, оңтойлуу  форматты – так чектелген мезгил аралыгын белгилейт!

Кардарлар үчүн каралган бул мүмкүнчүлүк убактылуу колдонулбай бош турган акча каражатын, сарпоону талап кылган зарылчылык келип чыкканга чейин көбөйө бергендей шартта жайгашытырууга өбөлгө түзөт (мисалы, жаз алды менен эс алуу үчүн каралган чакан үйдү сатып алуунун пландаштырып жаткан болсоңуз, бирок ага чейин дагы беш ай убакыт бар болсо, банк сунуштап жаткан бул депозит ошол аралыкта кошумча киреше таап алуу ыңгайын сунуштайт, анктени банктарда адатта кыска мөөнөттүк депозиттер шарты жөнгө салынган эмес, ал эми талап боюнча төлөнүүчү депозиттин пайыздык чени өтө эле жогору, демек, андан эч кандай пайда жок болгондой эле, узак убакытка  салынган аманатты мөөнөтүнөн мурда алуу пайыздардан куржалак калуу сыяктуу кесепеттер менен коштолот) “Азия – Ийкемдүү» депозити ошондой эле, акча агымын так болжолдой албаган, “өзгөрүлмөлүү” кирешеге ээ болгондор (фрилансерлер же убактылуу иштебегендер), б.а.  финансылык планын улам өзгөртүп турууга мажбур болгондор үчүн да алда канча оңтойлуу. Башкача айтканда, аманаттын сунушталып жаткан бул түрү ВИП-кардарлардын ичинен ири бизнесмендердин табитине төп келип, иийкемдүү шартта ири суммаларды тескөөгө алууга алар үчүн өбөлгө түзөт жана капиталды дивесрсификациялоодо да өтө баалуу.

Азия банкынын бул аманаты варианттуулугу менен да өзгөчөлөнөт: депозит мөөнөтүн гана эмес, кайсыл валютада салынаарын да карадардын өзү аныктайт (депозиттер сом, доллар, рубль, евродо санышышы мүмкүн). Аманат суммасын олуттуу өлчөмдө сыяктуу эле, 5000 сом (рубль) же 100 доллар (евро) минималдуу чекте салуу, ошону менен бирге эле 36 айга чейинки узак убакытка жайгаштыруу шарты да каралган.

“Азия – Ийкемдүү» депозити жылдап топтогон акчаны/өздүк жыйымды банкка жөн эле салып, сактоо үчүн эмес, канча убакытка салсаңыз, ошол мезгил аралыгында андан ай сайын киреше алып туруунун ишенимдүү  булагы да болуп саналат.  Пайыздык чен үстүртөн алынбастан,  депозит ачылган күнгө карата чейрек ичинде колдонулуп жаткан чен алкагында белгиленет.

Аманатка кошуп эсептелинегн пайыздарды алуу үчүн убакыт коротуп, банкка келип отуруунун да зарылчылыгы жок: пайыздарды чегерүү үчүн «Элкарт» жана Visa карттарын колдонууга болот. Бул үчүн болгону, банкка келип, карттарды чыгарып берүүгө (же чегерилген пайыздарды колдонулуп жаткан карттарга тариздетүүгө) өтүнүч кат калтырып кетүү гана жетиштүү.

Албетте, картка которулган/чегерилген акча каражатынын жылышына көз салып, контролдоп туруу үчүн «Азия – Online» мобилдик тиркемесин (мобилдик банкингди) Google Play сыяктуу эле, App store  аркылуу көчүрүп алууну сунуштайбыз.

“Азия – Ийкемдүү» депозитинин алгылыктуу шарттарынан, туруктуу киреше алуу менен аларды оңтойлуу тескөөгө алуу айкалышы аркылуу жетишилген натыйжадан пайдаланып калууну сунуштайбыз! Демек, эң эле ыңгайлуу болгон ушул форматты тандагыла!


Депозит коргоо

Азия банкынын бардык аманаттары Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан коргоого алынган (1 миллиона сомго чейин).


Пайыздык чендер

Валюта /Мөөнөт1 ай3 ай6 ай9 ай12 ай18 ай2 жыл3 жыл
Сомы (KGS)2%5%7%9%11%12%12%12%
USD0.25%0.5%0.5%1.5%2%2%2%2%
EUR0.5%0.5%1%1%1%1%
RUB4%5%6%7%8%8%

Ыңгайлуу калькулятор

Тандалган мөөнөткө кирешеңизди сайттан түз эсептеңиз.
Жөн гана сумманы киргизип, мөөнөттү тандаңыз — калганы автоматтык түрдө эсептелет!

Кечиресиз, биз дайындарды жүктөй алган жокпуз.

Эсептөө алдын ала болуп саналат. Толук маалымат алуу үчүн Банктын кредиттик адисине кайрылыңыз.

Ай сайын төлөм
0
Төлөмдөрдүн жалпы суммасы
0
Пайыздык чен
0 %