...
Азия Банкы

Азия – Камкордук

500 KGS
Минималдуу сумма
3-36 ай
Депозиттин мөөнөтү
13.5%
Пайыздык чен

Пенсия курагына жетүү келечек жашоодон үмүт үзүп, акча табуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калуу дегенди түшүндүрбөйт. Тескерисинче ал кадыр-баркка ээ болуп, ар тараптан камкордукка, сый-урматка бөлөнгөн, үй-бүлөнүн пайдубалын түптөгөн кутман курак.

Демек, ошол кутман куракка жетип, татыктуу пенсияга чыккандар да өзүнүн финансылык абалын андан ары чыңдап, бейкапар жашап, алыш-бериште кыйынчылыкка дуушар болбошу үчүн Азия Банкы улуу муундун өкүлдөрүнө өзгөчө көңүл буруу менен эң эле жогоку  депозиттик пайыз белгиленген “Азия –Камкордук” социалдык аманат шартынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Албетте, бул ыңгайлуулук топтогон акчасынын ишенимдүү сакталып, жогорку пайыз алдында банкка салуу менен көбөйтүп алуу ниетин көздөгөн пенсионерлер үчүн каралган.

Банктык аманаттын бул түрү паспортту жана пенсия китепчесин көрсөтүү аркылуу сом түрүндө гана ачылат. Депозитти  болгону 500 сом менен ачып (баштапкы сумма боюнча эч кандай чектөөлөр жок, каалаган сумманы салууга болот), андан ары ай сайын толуктап турууга болот. Эң башкысы, толуктоо суммасы баштапкы суммадан ашпоого тийиш. Кошумчалап акча салууга жол берилбеген акыркы 60 күндү эске албаганда, депозит колдонулган бүтүндөй мөөнөт ичинде (б.а. 36 айга чейин) аны толуктап туруу ыңгайынан пайдаланууга болот.

Аманаттын бул түрүнө чегерилген пайыздарды биринчи айы бүткөндөн кийин эле дароо алууга жол берилет, анткени  пайыздарды капиталдаштыруу шарты каралбагандыктан, депозит мөөнөтүнүн акырына чейин пайыздарды топтоп отрууунун кажети жок. Эгерде Сиз учур талабына жараша санариптештирүү шарданын жакшы түшүнүп, банктык карттарды талаптагыдай пайдалана алган болсоңуз, аманат боюнча пайыздарды чегерип туруу максатында Сиз үчүн “Visa” же «Элкарт» (тандооңузга жараша) чыгарып берүүгө даярбыз.

Бул жерде дагы бир маанилүү шартты баса белгилеп кетүү зарыл: аманат суммасын жана ага чегерилген пайыздардын толук суммасын мөөнөтүнөн мурда алууга жол берилбейт, ошондуктан, төмөндө чагылдырылган мөөнөттүү депозит шарттары менен кылдат таанышып  чыгуу талап кылынат.

Депозиттин бул түрүн дароо пролонгациялоо/мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, депозит ээси өзү жеке келип келишимди узартууга тийиш. Урмат-сый көрсөтүп, кичипейилдүүлүк менен тосуп алып, мүдөөсүн кунт коюп уккан банк кызматкери менен жакшы маанайда баарлашуунун өзү да, пенсионерлер үчүн  жагымдуу бонустан болушу мүмкүн.

Салынган акча каражатынын жылышына көз салып, аны контролдоп турууга ыңгайлуу болушу үчүн «Азия – Online» мобилдик тиркемесин (мобилдик банкингин) Google Play сыяктуу эле App store аркылуу көчүрүп алууну сунуштайбыз.

Албетте, Азия банкына кайрылып,  атайы иштелип чыккан депозиттин эң эле оңтойлуу ушул түрүн тандаган болсоңуз жана ал Сиздерге жакшы жашоого шарт түзгөн болсо, биз да зор кубанычта болобуз!

Депозит коргоо

Азия банкынын бардык аманаттары Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан коргоого алынган (1 миллиона сомго чейин).


Пайыздык чендер

Валюта3 ай6 ай9 ай12 ай15 ай18 ай24 ай36 ай
Сом6%10%11%13.5%13.5%13.5%13.5%13.5%

Бул ставкалар 1-майдан тартып күчүнө кирет.

Ыңгайлуу калькулятор

Тандалган мөөнөткө кирешеңизди сайттан түз эсептеңиз.
Жөн гана сумманы киргизип, мөөнөттү тандаңыз — калганы автоматтык түрдө эсептелет!

Кечиресиз, биз дайындарды жүктөй алган жокпуз.

Эсептөө алдын ала болуп саналат. Толук маалымат алуу үчүн Банктын кредиттик адисине кайрылыңыз.

Ай сайын төлөм
0
Төлөмдөрдүн жалпы суммасы
0
Пайыздык чен
0 %