Фиксирленген пайыздык чен менен — максималдуу пайда
Сиз үчүн эң негизгиси жогорку пайыздык чен болуп, депозиттин башка шарттары анчалык маанилүү эмесби? 2025-жылы кайсы депозит пайдалуураак, кайсы банк жакшы жана эң жогорку пайыздык чен кайда деген суроолорго жооп издеп жатасызбы?
Анда «Банк Азиянын» жообу бар! Жогорку пайыздык чен сунуштаган депозиттердин катарында биздин «Азия-Онлайн» деп аталган депозит алдыңкы орунда.
Анын артыкчылыгы эмнеде? Салымчылар эң жогорку пайыздык чендердин бири менен катар эле, ыңгайлуулукту да баалашат: депозитти банк бөлүмүнө барбастан, онлайн түрүндө ачууга болот. Бул сиздин убактыңызды үнөмдөйт жана каалаган убакта салым ачууга мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, депозит төрт валютада жеткиликтүү (сом, АКШ доллары, евро жана рубль). Бул өзгөчө чет өлкө валютасында киреше алган кардарлар үчүн ыңгайлуу: алмашуу курстары жөнүндө ойлонууга же өзүнчө депозит ачууга муктаждык жок.
Дагы бир артыкчылыгы — пайыздар ай сайын эсептелип, төлөнүп турат. Бул туруктуу кошумча киреше алып келип, каржылык максаттарды алдын ала пландаштырууга жардам берет. Ошондой эле банкка баруунун зарылдыгы жок: арыз толтурулгандан кийин пайыздар сиздин картаңызга (Visa же «Элкарт») которулат.
Белгилей кетүүчү жагдай: пайыздардын ай сайын төлөнүшү капиталдаштырууну карабайт. Ошондой эле «Азия-Онлайн» депозитинде салымды толуктоо жана мөөнөт ичинде каражатты жарым-жартылай алуу мүмкүн эмес.
Депозитти мөөнөтүнөн мурда жабуу мүмкүн, бирок төмөнкү шарттар менен:
— 6 айдан ашык убакыт өткөн болсо — эсептелген пайыздардын 50% төлөнөт;
— 6 айга жетпеген болсо — пайыздар төлөнбөйт.
Депозиттин мөөнөтү — 36 айга чейин. Автоматтык пролонгация каралган эмес, ошондуктан мөөнөтүнүн аякташын өз алдынча көзөмөлдөө зарыл.
«Банк Азиядан» депозит ачууга шашылыңыз — анын ишенимдүүлүгү жылдар менен далилденген, ал эми каражаттарыңыздын сакталышы КРнын Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан (1 миллион сомго чейин) кепилденет. Банкта жеке жана юридикалык жактар үчүн депозиттердин кеңири түрү сунушталат.
Өзгөчөлүктөрү жана чектөөлөрү
• Салымды толуктоо каралган эмес
• Каражатты жарым-жартылай алуу мүмкүн эмес
• Автоматтык пролонгация жок
Депозиттин шарттары
Мөөнөтү: 36 айга чейин
Минималдуу сумма:
• 5 000 сом
• 100 АКШ доллары
• 100 евро
• 5 000 рубль
Пайыздар:
• Ай сайын эсептелет жана төлөнөт
• Арыздын негизинде картага которулат
• Капиталдаштыруу жок
Мөөнөтүнөн мурда жабуу:
• 6 айдан ашык — 50% пайыз
• 6 айга чейин — 0% пайыз
Ыңгайлуу калькулятор
Тандалган мөөнөткө жараша кирешеңизди түз эле сайттан эсептеп алыңыз.
Жөн гана сумманы киргизип, мөөнөттү тандаңыз — калганын биз эсептеп беребиз!
Салымдарды коргоо
«Банк Азиянын» бардык депозиттери КРнын Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан корголот — 1 миллион сомго чейин.

Шкала процентных ставок:
| Депозиттин мөөнөтү | 1 ай | 3 ай | 6 ай | 9 ай | 12 ай | 15 ай | 18 ай | 24 ай | 36 ай |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| KGS | 4% | 8% | 12% | 13% | 14% | 14% | 14% | 14% | 14% |
| USD | 1% | 1.5% | 2.5% | 3% | 4% | 4% | 4% | 4% | 4% |
| EUR | – | – | 0.5% | 0.5% | 1% | 1% | 1% | 1% | 1% |
| RUB | – | – | 10% | 5% | 6% | 6.5% | 7% | 8% | 8% |
Бул ставкалар 1-майдан тартып күчүнө кирет.
Эсептөө алдын ала болуп саналат. Толук маалымат алуу үчүн Банктын кредиттик адисине кайрылыңыз.