...
Азия Банкы

Азия VIP

3 млн. KGS
Минималдуу сумма
12-36 ай
Депозиттин мөөнөтү
13%
Пайыздык чен

Колуңузда олуттуу өлчөмдө каражат болгон шартта, аларды Банкка жайгаштырууда өзгөчө кылдаттык, ар тараптан иликтеп, башка мүмкүнчүлүктөр менен салыштырып көрүү талап кылынат. Эң башкысы, бул жерде: сунушталып жаткан жогорку пайыздык чен эмес, тандаган Банктагы иш жагдайы, кардарлар үчүн көрүлгөн камкордук, ыңгайлуулук, кызмат көрсөтүү сапаты, ар бир кардарга өз алдынча мамиленин жасалышы жана албетте, Банк ишине карата коюлган  талапты билүү маанилүү.

Топтогон акчасынан айрылып калууну эч ким каалабайт, ошондой болсо да кардарлар инвестицияны диверсификациялоого аракет кылышат. Банкта депозит ачуу бирден бир максат эмес. Көпчүлүк учурда ири өлчөмдөгү сумманы банктык аманатка  жайгаштырууда кардарлар күндөлүк чыгаша ордун (салыктарды төлөө же жабдууларды сатып алуу үчүн бөлүп төлөө) минималдуу тобокелдик менен жабуу үчүн катталган киреше алуу максатын көздөйт.

Ал эми мына ушул максаттарга “Азия Банкынын” кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу аркылуу гана жетишүүгө болот. Банкта Өзгөчө кардарлар үчүн  «Азия – VIP» депозити атайы иштелип чыккан  (каражатты сом же доллар мененсалуугаболот).Депозит толуктоосуз жана пайыздарды капиталдаштыруусуз негизде каралган, мындан тышкары андан каражатты бөлүп алууга жана дароо мөөнөтүн узартууга да болбойт. Бирок, депозитти ачуу менен кардарлар анын мөөнөтүнө карабастан: бир жылгабы, же үч жылгабы, ачылганына карабастан, бирдей шартта жогорку пайыздарды ала алат (стардаттык аманаттардыкына караганда алда канча жогору).Банк салтка айланып калгандай эле, чегерилген пайыздарды кардардын ыңгайына жараша «Элкарт» же Visa карттарына чегерип кое алат.

Кардарлардан аманатка салынган акча каражаттарына көз салып, контролдоп туруу үчүн «Азия – Online» мобилдик тиркемесин (мобилдик банкингди) көчүрүп алууну өтүнөбүз. Аны Google Play сыяктуу эле, App store тиркемесинен жүктөп алууга болот.

Демек, топтогон акчаны (капиталды) ишенимдүү сактап, көбөйтүп алууга үлгүргүлө! Аманаттын бул түрү эң эле ишенимдүү жана пайдалуу. Банк да өз кеезегинде ар бир талапка кылдат мамиле кылууга аракеттенет.

Эң башкысы: Банкка салынган аманат суммасынын (1 млн. сомго чейин) корголушу Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан гарантияланган.

 «Азия – VIP» депозитинин өзгөчөлүгү:

– аманаттын мөөнөтү –  36 айга чейин,

– баштапкы төлөмдүн минималдуу суммасы:

  • 3 000 000 сом,
  • 50 000 доллар,

пайыздарды чегерүү жана төлөп берүү – ай сайын,

– төмөнкүлөр каралган эмес:

  • толуктоо мүмкүнчүлүгү,
  • каражаттан бөлүп алуу,
  • пайыздарды капиталдаштыруу,
  • аманаттын мөөнөтүн дароо узартуу,

– аманатчынын демилгеси боюнча аманатты (депозитти) мөөнөтүнөн мурда алуу учурунда пайыздар кайрадан эсептелинип чыгат жана төмөнкү схемада төлөнүп берилет:

•     аманатты алган күнгө чейин 6 ай же андан көп убакыт өтсө – чегерилген пайыздардын 50% өлчөмүндө,

•    аманат салынгандыгына 6 ай толо элек болсо – 0%.