...
Азия Банкы

Азия – Ыңгайлуу

100 миң KGS
Минималдуу сумма
6-36 ай
Депозиттин мөөнөтү
12%
Пайыздык чен

Шашылыш акча керек болуп, бирок аны кайдан табаарды билбей, айла куруган учурларда депозитке салган каражатты алганга мажбурлаган, анысы аз келгенсип буга чейин чегерилип келген пайздарды да албай калган жагдайлар турмушта көп кездешет. Анткени, банктык аманатты ачкандан кийин аны жарым жыл өткөндөн кийин гана мөөнөтүнөн мурда алуу шартын белгиленген эреже бар. Албетте, сарамжалуу инсандар үчүн бул пайдасыз, кимибиз болбосун жоготууларды мүмкүн болушунча кыскартып, болочок керектөөлөргө көбүрөөк ресурс топтоого аракеттенебиз. Ошондой болсо да,  жогоруда белгиленген күтүүсүз келип чыккан жагдайдарды алдын алып, ордун толуктап бергендей шартты караштырууга да мүмкүн экен!

Азия Банкы адам баласы турмушта ар кандай жагдайга дуушар болуп калышын эске алып, кайсыл болбосун учурда кыйналбастан топтогон акчасын – өздүк жыйымын пайдаланып, аны кайра толуктай алгандай мүмкүнчүлүктү өз кардарларына сунуштоого жетишкен. Ошентип, банк көздөгөн максаты/ маани-маңызы аталышына төп келген “Азия-Ыңгайлуу” депозиттик продукттун иштеп чыгып, чегерилген пайыздарын жоготпостон, зарыл учурларда аманатка салган акчасын пайдалана алган кардарларынын ыраазычылыгына ээ болууда (депозиттин бул түрүнүн пайыздык чени, эгерде аманат узак убакытка тариздетилген болсо, алда канча жогору).

Азия-Ыңгайлуу” депозитин доллар же сом менен жарым жылдан үч жылга чейинки убакытка ачууга болот. Мында, баштапкы минималдуу сумма 100  (жүз) миң сомдон (же 1000 доллардан) тартып андан жогору өлчөмдө болууга тийиш. Андан ары  депозитти  ушундай эле суммага (максималдуу) ар бир айда толуктап турууга да жол берилет. Утурумдук кирешесинен же эмгек акысынан тышкары, кошумча акча булагына ээ болгондор жана тапкан кандай болбосун каражатын олуттуу жыйымга айландыруу аракетин көргөндөр, бул опцияны татыктуу баалай алат деген ишенимдебиз.

Демек, аманаттын тең жарымын алып койгон шартта да, ага буга чейин чегерилип келген пайыздары коромжу болбостон сакталып калат. Эң башкысы, депозит суммасын алганга чейин ал жок дегенде үч ай жайгаштырлып, б.а. “иштеп” турууга жана депозит эсебин жапканга чейин дагы 60 күндөй убакыт болушу зарылчылыгын унутпоо керек. Пайыздар ай сайын чегерилип турат жана аларды ай сайын алууга да болот, бирок  капиталдаштыруу шарты каралган эмес. Кардардын каалоосу боюнча пайыздар «Элкарт» жана Visa карттарына чегерилиши мүмкүн, бул биздин банкта тейленген шартта, кошумча  артыкчылыктарга ээ болуу ыңгайын түзөт.

Акча каражатынын жылышына көз салып, контролдоп туруу үчүн «Азия – Online» мобилдик тиркемесин (мобилдик банкингди) Google Play сыяктуу эле, App store  аркылуу көчүрүп алууну сунуштайбыз.

Жогорку сапатта, кынтыксыз тейлөө шартынан пайдалануу жана финансылык операциыялардын  ишенимдүү, коопсуз ишке ашырылышы үчүн Азия Банкына кайрылыңыз!

Депозит коргоо

Азия банкынын бардык аманаттары Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан коргоого алынган (1 миллиона сомго чейин).


Пайыздык чендер

Валюта / Срок3 мес6 мес9 мес12 мес18 мес24 мес36 мес
Сомы (KGS)6%7%9%10%11%11%11%
Доллары (USD)1%2%3%3%3%3%3%

Ыңгайлуу калькулятор

Тандалган мөөнөткө кирешеңизди сайттан түз эсептеңиз.
Жөн гана сумманы киргизип, мөөнөттү тандаңыз — калганы автоматтык түрдө эсептелет!

Кечиресиз, биз дайындарды жүктөй алган жокпуз.

Эсептөө алдын ала болуп саналат. Толук маалымат алуу үчүн Банктын кредиттик адисине кайрылыңыз.

Ай сайын төлөм
0
Төлөмдөрдүн жалпы суммасы
0
Пайыздык чен
0 %