...
Азия Банкы

Азия – Эң эле жогорку пайыз

5 миң KGS
Минималдуу сумма
3-36 ай
Депозиттин мөөнөтү
13,5%
Пайыздык чен

Эгерде Сиз үчүн депозитти эң эле жогорку чен алдында салуу маанилүү болсо, депозиттин башка параметрлерине анчалык көңүл бурбайсыз. 2025-жылы кайсыл аманатка каражат салуу пайдалуу жана эң алгылыктуу пайызды кайсыл банк сунуштап жатат деген суроого жооп издөөгө туура келет.

 Албетте, ойго салган бул суроого «Азия Банкы» жооп берет! Эң эле жогорку пайыздык чендеги депозиттер тобунда  «Азия – Эң эле жогорку пайыз» аталышындагы депозит шартынан колдонууга болот.

Бул депозит эмнеси менен айрымаланат? Аманат салуучулар эң оболу, төрт валютанын (сом, доллар, евро жана рубль) биринде ачууга боло турган онлайн-депозитти эске албаганда, анын жогорку чен алдында сунушталаарына көңүл буруп, баалайт. Албетте, бул мүмкүнчүлүк чет өлкө валютасында киреше алгандар үчүн эң эле ыңгайлуу. Анткени мында, алмашуу курсун иликтеп, аны корректировкалап, анан айкын бир валютада аманат ачуунун да зарылчылыгы жок.

Аталган депозит боюнча пайыздар ай сайын чегерилип, төлөнүп туруусу да алда канча ыңгайлуу. Демек, аманат салган  жаран ар айлык кирешесине туруктуу кошумча каражат таап, ага ылайык тапкан ашыкча каражатты эмнеге жумшай тургандыгын алдын-ала пландаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ошону менен бирге эле, ай сайын чегерилип турган пайыздарды алуу үчүн убакыт коротуп банкка барып олтуруунун да зарылчылыгы жок.   Болгону өтүнүч кат жазып калтырган шартта,  пайыздык киреше аманатчы көрсөткөн картка (Visa же «Элкарт») чегерилип турат. Аманаттын бул түрү боюнча ар айлык чегерилген пайыздарды капиталдаштыруу ыңгайы каралган эмес, бирок «Азия Банкынын» депозиттик программасында капиталдаштыруу шарты каралган аманаттардын башка түрлөрү да камтылган.

«Азия – Эң эле жогорку киреше» депозити боюнча бүтүндөй мөөнөт ичинде эсепти толуктоо мүмкүн эмес болгондой эле, андан мөөнөтүнөн мурда каражат алууга жол берилбейт жана белгиленген пайыз сакталып кала аберет. Аманатты мөөнөтүнөн мурда алуу үчүн ал кеминде  6 (алты) ай колдонулууга тийиш, антпегенде ошол убакыт аралыгында чегерилген жана алынган бардык пайыздардан ажырап калуу коркунучу келип чыгат (буга чейин алынган пайыздык кирешелер негизги сумманы кайтарып берүүдө кармалып калат). Башкача айтканда, аманат салуучу депозит ачылган учурдан 6 айдан көбүрөөк убакыт өткөндөн кийин гана чегерилген пайыздардын 50% сактап калуу менен аманат суммасын мөөнөтүнөн мурда ала алат.

Банк сунуштаган бул, «Эң эле жогорку пайыз» депозитин узак мөөнөткө – 36 айга чейинки мөөнөткө салуу жана ал боюнча олуттуу пайыздык киреше гарантияланган. Аманаттын бул түрү боюнча да  аны дароо/автоматтык түрдө пролонгациялоо ыңгайы каралган эмес! Башкы милдет – ага мезгил-мезгили менен көз салып, маалымат алып туруу (финанслык тартиптин сакталышы, олуттуу пайда алып келээрин эстен чыгарбоо зарыл).

Демек, Азия Банкында аманат ачып, кошумча киреше алууга үлгүргүлө, анткени аталган банктын ишенимдүүлүгү бир катар жылдар аралыгында мезгил сынагынан өтүп, салынган каражаттардын сакталышы Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан (1 млн. сомго чейин) гарантияланган. Учурда банк депозиттердин сегиз түрүн сунуштап жаткандыгын да белгилеп кетүү зарыл. Банктын бүтүндөй депозиттик линиясы жеке адамдар сыяктуу эле, юридикалык жактар үчүн да каралган. Юридикалык жактар үчүн адатта, аманаттын болгону эки түрү: бири – минималдуу пайыздык чен алдындагы талап боюнча төлөнүүчү,  экинчиси – белгилүү өлчөмдөгү пайыздык чен алдында кайсыл бир убактыка акча салууга милдеттендирген жана башка эч кандай кошумча мүмкүнчүлүктөр каралбаган кызка мөөнөттүк депозиттер.  

Ошентип, аманатка салынган акча каражаттарына көз салып, контролдоп туруу үчүн «Азия – Online» мобилдик тиркемесин (мобилдик банкингди) көчүрүп алууну өтүнөбүз. Аны Google Play сыяктуу эле, App store тиркемесинен көчүрүп алууга болот.

«Азия – Эң эле жогорку пайыз» депозитинин өзгөчөлүгүнө кайрылсак:

депозиттин колдонуу мөөнөтү     – 36 айга чейин;

аманаттын минималдуу суммасы          – 5000 KGS,

– 100 USD,

– 100 EUR,

– 5000 RUB;

пайыздарды ай сайын чегерүү жана төлөп берүү (амантчы көрсөткө картка которуу аркылуу),

– аманатчынын демилгеси менен аманат (депозит) суммасы мөөнөтүнүн мурда алынган шартта, пайыздар кайра эсептелинип чыгат жана төмөнкү схемада төлөнүп берилет::

•   аманатты алган күнгө чейин 6 ай же андан көп убакыт өтсө (банкта эсеп ачкан күндөн тартып) – чегерилген пайыздардын 50% өлчөмүндө

•   •    аманат салынгандыгына 6 ай толо элек болсо – 0%.

;

– капиталдаштыруусуз,

– мөөнөтүн дароо/автоматтык түрдө узартуусуз.

«Азия» Банкынын бардык депозиттери корголот»

КР Депозиттерди коргоо агенттиги — 1 миллион сомго чейин

Кечиресиз, биз дайындарды жүктөй алган жокпуз.

Эсептөө алдын ала болуп саналат. Толук маалымат алуу үчүн Банктын кредиттик адисине кайрылыңыз.

Ай сайын төлөм
0
Төлөмдөрдүн жалпы суммасы
0
Пайыздык чен
0 %
Депозиттин мөөнөтү1 ай3 ай6 ай9 ай12 ай15 ай18 ай24 ай36 ай
KGS3%6%10%11%13.5%13.5%13.5%13.5%13.5%
USD1%1.5%2.5%3%4%4%4%4%4%
EUR0.5%0.5%1%1%1%1%1%
RUB4%5%6%6.5%7%8%8%

Бул ставкалар 1-майдан тартып күчүнө кирет.

Кечиресиз, биз дайындарды жүктөй алган жокпуз.

Эсептөө алдын ала болуп саналат. Толук маалымат алуу үчүн Банктын кредиттик адисине кайрылыңыз.

Ай сайын төлөм
0
Төлөмдөрдүн жалпы суммасы
0
Пайыздык чен
0 %