...
Азия Банкы

Азия – Балдаркыялы

5 миң KGS
Минималдуу сумма
24-60 ай
Депозиттин мөөнөтү
11%
Пайыздык чен

Бүгүн салым салыңыз — эртең кыялдарыңыз ишке ашсын

Балдарыбыз эрте чоңоюуп, бой жетүүнү, ошону менен бирге эле, татымы таңдайдан кетпеген бал муздакты каалаганча жеп, “Лего” оюнчугундагы супер-роботтор менен ойноону кыялданып жатканда,  биз – ата-энелер алардын ийгиликтүү жана татыктуу келечегине кам көрүү менен түйшөлөбүз. Жөн эле кыялданып койбостон, тыным албай аракет көрүп, аларды ишке ашыгууга ашыгабыз. Ал эми мезгилдин таасирдүү  сынагынан өтүп, калайык-калк ишенимине ээ болгон Азия Банкы менен мына ошол кыялдарга жетип, балдар үчүн татыктуу жашоо деңгээлин камсыздоо алда канча оңтойлуу жана ишенимдүү.

Демек, балдарга кам көрүп, мектепти бүткөнгө чейин жогорку окуу жайына төлөнүүчү контракттын акчаксын же алачкы жылдары окууга жакшы даярданып, өз алдынча жашоого ыңгайлашуусу үчүн зарыл болгон сумманы бүгүндөн тартып эле топтоп коюуга же болбосо Азия Банкында жөнгө салынган ыңгайлуу шарттардан пайдаланып, татаал турмуш жолуна кадам таштап жатканда балдарга “Формула-1” таймаш трассасында күч сынашып же алардын көпчүлүк достору көздөп, самаган Швециядагы Карлсонго барып эс алуусун уюштурууга болот экен.  Мына ушул көксөгөн кыялдарга жетишүүдө  банктын  өзгөчөлөнгөн, балдар үчүн каралган депозити жардамга келет. Депозиттин бул түрүн канчалык эртерээк ачкан болсоңуз балаңыздын кыялындагыны келечекте орундатуу үчүн ошончолук көбүрөөк каражат топтолот.

«Азия Банк» дал ушул көздөгөн максатка жетүүгө өбөлгө түзгөн, анын депозиттеринин ичинен эң эле келечектүү жана асыл максаттарга жетелеген узак мөөнөттүү , эң эле алгылыктуу аманатты сунуштоого жетишкен. Аманат жашы  14кө жете элек баланын намына ачылып, 24 айдан 60 айга чейин колдонулат.

Алгач бир аз суммада эле, башкача айтканда,  5000 сомду же 100 долларды пайыз алдында салуу жетиштүү (узак мөөнөткө каралган бул аманат, ушул валюталарда гана ачылат). Ошентип, ар бир айда жогоруда көрсөтүлгөн суммада же андан азыраак өлчөмдө каражатты кошумчалап салуу шарты каралган. Банктык депозиттин бул түрүнүн колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин 60 күн калганда кошумчалап каражат салуу токтотулат. Аманаттан мөөнөтүнөн мурда каражат алуу шарты да каралган (алар тууралуу төмөндө сөз болот). Ошентип, биз, ата-энелер балдарыбыз үчүн каражат салууда финансылык тартиптин жана жоопкерчиликтүүлүк принциптерин так сактоо менен балдар үчүн каралган каражаттын коромжу болбостон, сакталып турушуна артыкчылык берген болобуз. Бул жерде, төмөндө келтирилген маалымат менен таанышып коюу да маанилүү/ашыкча болбой тургандыгын баса белгилеп кетүүгө тийишпиз.

Балдар аманаты боюнча депозиттик пайыздар капиталдаштырылат (негизги суммасына кошулуп турат): аны аманат колдонулган бүтүндөй мөөнөт ичинде алууга болбойт, бирок мөөнөт акырында олуттуу сумма колуңузга  тийет. Анткени,  негизги сумма менен кошо ага чегерилген пайыздарды «Азия Банкы» сунуштаган “Visa” же «Элкарт» карттарына которуу аркылуу, кардарлар үчүн  кошумча ыңгайлуулук сунушталган.

Ошентип, аманатка салынган акча каражаттарына көз салып, контролдоп туруу үчүн «Азия – Online» мобилдик тиркемесин (мобилдик банкингди) көчүрүп алууну өтүнөбүз. Аны Google Play сыяктуу эле, App store тиркемесинен жүктөп алууга болот.

Балдарына кам көрүү – ар бир ата-эненин ыйык парзы! Анткени, балдарынын келекке ишенимдүү кадам таштап, байгерчиликте өмүр сүрүүсү ата-эне эң башкы тилеги эмеспи…

Банкка салынган аманат суммасынын (1 млн. сомго чейин) корголушу Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан гарантиялангандыгы да бекем ишеним.

 “Наристе кыялы” депозитинин шарттары:

– баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көрсөтүлүшү талап кылынат ( 14 жашка толо элек өспүрүп үчүн);

аманаттын мөөнөтү: 24 айдан 60 айга чейин,

– баштапкы төлөмдүн минималдуу суммасы:

  • 5000 KGS,
  •  100 USD,

– толуктоо тартиби жана суммасы:

  • ай сайын,
  • баштапкы суммадан ашпаган суммада,  
  • колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин 60 күн калганда кошумчалап каражат салуу токтотулат,

пайыздарды төлөп берүү:

аманат мөөнөтүнүн акырында негизги сумма менен бирге,

– каражаттан бөлүп-бөлүп алуу шарты каралган эмес,

пайыздарды ай сайын капиталдаштыруу,

– аманатчынын талабы боюнча аманатты мөөнөтүнөн мурда алуу учурунда аманат суммасы жана капитализацияланган пайыздар аманатчы кайрылган учурдан кийинки3 (үч)  банк күнү ичинде кайтарылып берилет, мында пайыздар кайрадан эсептелинип чыгат жана төмөнкү схемиада төлөнүп берилет:

  • эгерде аманатты алуукүнүнө карата 24 ай жана андан көбүрөөк убакыт өткөн болсо, аманатты алуу күнүнө карата капиталдаштырылган бүтүндөй сумма төлөнүп берилет,
  • эгерде аманаттын салынгандыгына 6 айдан ашса, анда  баштапкы салынган сумма менен бир мезгилдин акырына карата алынган сумма ортосундагы айырманын 50% өлчөмүндө төлөнөт;
  • эгерде аманаттын салынгандыгына6 ай толо элек болсо, анда ал боюнча пайыздар төлөнүп берилбейт жана баштапкы салынган негизги сумма эч кандай кармап калууларсыз кайтарылып берилет.

Пайыздык ставкалар

Валюта2 года3 года5 лет
Сомы (KGS)11%11%11%
USD4%3%3%

Ыңгайлуу калькулятор

Тандалган мөөнөткө жараша кирешеңизди түз эле сайтта эсептеңиз.
Жөн гана сумманы киргизиңиз жана жайгаштыруу мөөнөтүн тандаңыз — калганын биз эсептейбиз!

Кечиресиз, биз дайындарды жүктөй алган жокпуз.

Эсептөө алдын ала болуп саналат. Толук маалымат алуу үчүн Банктын кредиттик адисине кайрылыңыз.

Ай сайын төлөм
0
Төлөмдөрдүн жалпы суммасы
0
Пайыздык чен
0 %