...
Азия Банкы

Банктын туруктуу өнүгүүсү боюнча ESG отчету — 2024-жыл

«Азия Банкы» ЖАК 2024-жылга туруктуу өнүгүү боюнча отчетун сунуштайт — бул документ Банктын бизнести жоопкерчиликтүү жүргүзүүгө жана кардарлар, өнөктөштөр жана коом үчүн узак мөөнөттүү баалуулуктарды түзүүгө ырааттуу өнүгүшүн чагылдырат.

Отчеттук жылы туруктуу өнүгүү принциптери Банктын ESG-стратегиясынын, корпоративдик башкаруусунун жана операциялык ишмердүүлүгүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калды. Айлана-чөйрөнү коргоо жана социалдык жоопкерчилик маселелерине, ошондой эле корпоративдик башкаруунун сапатына өзгөчө көңүл бурулду. Отчет жөнгө салуучу органдардын сунуштарын, Кыргыз фондулук биржасынын талаптарын, GRI стандарттарын жана туруктуу каржылоонун эл аралык принциптерин эске алуу менен даярдалган. Документте ESGдин негизги багыттары боюнча маалыматтардын ачыктыгы кеңейтилип, аналитикалык бөлүгү күчөтүлүп жана көрсөткүчтөрдүн айкындуулугу камсыздалган.

2024-жылы Банк аялдардын ишкердигин колдоого жана чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багытталган социалдык облигациялардын экинчи эмиссиясын ийгиликтүү ишке ашырды. Тартылган каражаттар ICMA принциптерине ылайык социалдык маанилүү долбоорлорду каржылоо үчүн колдонулат. Парник газдарынын бардык үч категориясы — Scope 1, 2 жана 3 боюнча комплекстүү баалоонун жүргүзүлүшү маанилүү этап болуп калды, бул экологиялык тобокелдиктерди системалуу башкаруунун жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди андан ары азайтуунун негизин түзөт.

Биз финансылык өнүгүү коомго жана айлана-чөйрөгө кам көрүү менен айкалышкан жоопкерчиликтүү өсүү философиясын карманабыз. Отчеттун жарыяланышы — бул биз биргелешип түзгөн келечек жөнүндө бардык кызыкдар тараптар менен ачык диалогдун бир бөлүгү. «Азия Банкы» ЖАКтын 2024-жылга туруктуу өнүгүү боюнча отчетунун толук тексти Банктын расмий корпоративдик сайтынын ESG-банкинг бөлүмүндө жеткиликтүү.