Жаңы маалыматтык технологияларды киргизүү бѳлүмүнүн башчысы
Филиал: БАШКЫ КЕҢСЕ
Жарыялоонун датасы: 3 декабря 2019
Жаңы маалыматтык технологияларды киргизүү бѳлүмүнүн башчысынын кызмат орунуна конкурс жарыяланат
Квалификациялык талаптар
- Билим деңгээли: маалыматтык технологиялар чѳйрѳсүндѳ жогорку экономикалык же жогорку техникалык экономикалык.
- Эмгек такшалмасы: банк чѳйрѳсүндѳ 5 жылдан кем эмес, жетекчилик кызматта – 3-жылдан кем эмес.
Кошумча квалификациялык талаптар:
- Банк мыйзамын билүү;
- Банк операцияларынын техникасын билүү;
- Иштин мүнѳзүн аныктаган иш кагаздарын билүү.
Функционалдык милдеттери:
- Техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу жана жаңы программалык камсыздоону киргизүү;
- Колдонулуп жаткан программалык камсыздоону коштоо жана модернизациялоо;
- Жаңы банк продуктыларын иштеп чыгууга жана тестирлѳѳгѳ катышуу;
- Колдонуучуларды программалык камсыздоо менен иштѳѳгѳ үйрѳтүү;
- Колдонулуп жаткан программалык камсыздоону жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү;
- киргизилүүчү программаларды тестирлѳѳ методикаларын иштеп чыгуу;
- бюджеттик тѳлѳмдѳрдү кабыл алууну киргизүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу;
- Бѳлүмдүн ишин уюштуруу.
Жеке сапаттары:
Аткаруучулук, тапшырмаларды коё билүү жана аткара билүүчүлүгү, стресске туруктуулук, эффективдүү иштѳѳ жѳндѳмдүүлүгү.
Милдеттүү түрдө кызмат ордун көрсөтүү менен резюмени [email protected] электрондук почтасынын дарегине жөнөтүү керек..
Кызмат орду көрсөтүлбөгөн резюме каралбайт. Тиешелүү талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.