Бухгалтердик эсеп жана эсептешүү бөлүмүнүн адиси
Филиал: БАШКЫ КЕҢСЕ
Жарыялоонун датасы: 20 апреля 2023
Талаптар:
-Билим деңгээли: жогорку экономикалык.
Иш стажы:
- жалпы иш тажрыйбасы - кеминде 2 жыл;
- каржы жана банк тармагында иш тажрыйбасы - кеминде 2 жыл;
бухгалтер катары - кеминде 1 жыл.
Кошумча квалификациялык талаптар:
- бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарды билүү;
- Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын (мындан ары - ФОЭС) билүү;
- банк мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын билүү;
- бухгалтердик эсепти уюштуруунун жоболорун жана жол-жоболорун, операцияларды каттоонун жол-жобосун жана бухгалтердик эсеп чөйрөсүндө документтердин жүгүртүлүшүн уюштурууну билүү;
-Программалык тутумдарды колдонуу чеберчилиги.
Милдеттери:
- акча которуу тутумдары аркылуу акча каражаттарын төлөө жана жөнөтүү үчүн ODB программалык комплексинде бухгалтердик жазууларды калыптандыруу (10102, 21111, 11531 эсептери);
- 11531, 21111 эсептери боюнча акча которуу тутумдары боюнча калдыктарды күн сайын салыштыруу;
- тез акча которуулардын эл аралык тутумдарынын операциялары боюнча отчетторду даярдоо;
-күч органдарынан келип түшкөн каттарга жоопторду даярдоо ж.б.
контрагенттер менен салыштыруу билдирүүлөрүн түзөт;
жана башкалар.
Жумуш шарттары:
Иштөө убактысы 8-30дан 17-30га чейин
Милдеттүү түрдө кызмат ордун көрсөтүү менен резюмени [email protected] электрондук почтасынын дарегине жөнөтүү керек..
Кызмат орду көрсөтүлбөгөн резюме каралбайт. Тиешелүү талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.