8 - март майрамы менен куттуктайбыз!
Урматтуу айымдар, ай жаркын ажарлуу кыздар,
Жан-дүйнөсүнө аруулукту, сулуулукту, мээримдүүлүктү сыйдырган урматтуу асылкеч айымдар бардыгыңарды бүгүнкү жаркыраган жазды утурлаган – 8 - март майрамы менен куттуктайбыз.
Жүзүңөрдөн күлкү кетпей, айлогон ой-максатыңар ишке ашып, жакшылыктар дайыма Сиздерди коштоп, ишиңер илгерилей беришине тилектештигибизди билдиребиз.
Сиздер менен сыймыктанган, «Азия Банкы» ЖАКтын жигиттери