• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Банк кызматкерлери Quiz Night оюнуна катышты

03 март, 2018-жыл

Банк кызматкерлери 23-февраль – Мекенди коргоо күнүнѳ жана Аял затынын эл аралык майрамы – 8 мартка карата уюштурулган Quiz Night интеллектуалдык оюнуна катышышты.

Оюн– «Банк чѳйрѳсү жна «Азия банкына» 20 жыл» темасына арналып, ага Банк Башкармасынын мүчѳлѳрү, Директорлор кеңешинин тѳрагасы,  регионалдык директорлор жана катардагы бардык кызматкерлер катышкан.

Банктын кызматкерлеринен болгон эр азаматтар, кыздар менен тең тайлашып, жыйыныгында банк Башкармасынын мүчѳсү Edil Ismailov жетектеген жигиттер командасы бардык упайды топтоп, жеңүүчү катары таанылган.

Оюн кызуу жүрүп, ар бир суроо боюнча талаш-тартыш аркылуу катышуучулардын интеллектуалдык дарамети ачылып, кыздар менен жигиттер  тең салмактуулукту камсыз кылып, акырында берилген кошумча суроого берилген жооп гана жеңүүчүлѳрдүн пайдасына чегерилген.

Quiz Night оюну учурундагы кызуу талаш-тартыш, корпоративдик кайталангыс маанай банк кызматкерлеринин эсинде кѳпкѳ сакталып, алга карай ийгиликтерге шыктандырат деген ишеничтебиз.

Банк кызматкерлери оюн алдында белгилүү тренер Джона Шоул ѳткѳргѳн  кызыктуу семинарга катышып, банктын мындан ары да трансформацияланышына ѳбѳлгѳ түзүүчү иш ыкмаларын ѳздѳштүрүүгѳ жетишкен. Банк кызматкерлери ал сунуштаган « Биринчи класстаг сервис» китеби менен толук таанышып, анын айрым принциптери банк ишинде жайылтууга жетишкен. Трансформациялануу жигердүү жүрүүдѳ жана банк кызматкелеринин ар бири ѳз билим деңгээлин, иш тажрыйбасын, талантын, кесипкѳйлүк дараметин колдонуу менен ага ѳз салымын кошууга аракеттенип жатат.

Quiz Night оюнун банктын башка региондордогу бѳлүмдѳрүндѳ да ѳткѳрүү пландаштырылып жатат.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию