• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Үй ээси» долбоорунун жеңүүчүлѳрүнѳ сыйлыктарды тапшыруу

05 март, 2018-жыл

«Үй ээси» жаңы долбоору тууралуу кең-кесири маалымат берип, банк ишинде бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер, жетишилген ийгиликтер менен бѳлүшүп кетүүнү туура кѳрдүк.

Банк акыркы жылдары ѳз кызматкерлеринин лидерлик сапаттарды ѳздѳштүрүүсүнѳ айрыкча басым жасап келет. Ушул максатта ар кандай иш-чаралар, сынактар, ой-пикирлерди топтоо сыяктуу аракеттер кѳрүлүп, япондуктардын кеңири белгилүү кайдзен ыкмасы жайылтылып жатат. Мында кызматкерлердин иш багыттары, ѳркүндѳтүү жолдору, тейлѳѳ сапатын жогорулатуу жагындагы демилгелери колдоого алынып, алрдын бул иш ыкмасына кызыгуусу артып, демилгелүүлүгү жогорулап, үйдүн анык ээси катары иш алып барууга тартылышы жигердүү колдоого алынып келет.

Үй ээсинен болуу – демек бул, ѳз иш ордуна, курчап турган аймакка, Банктын аманат кассаларына жана филиалдарына ээлик кылып, алардын талаптагыдай күтүлүшү, толук сакталышы, аларга карата аяр мамиле кылуу жоопкерчилигин сезүү табитин калыптандыруу дегендик. Эң оболу кызматкердин ѳзүнѳ жана кардарга ыңгайлуу болушу  үчүн шарттарды түзүү жана аларды ѳркүндѳтүү зарыл. Үй ээси келген коногун жакшы маанайда тосуп алып, болгон мүмкүнчүлүктү сунуштаган болсо, ал эми келген конок ага ыраазычылыгын билдирсе (биздин учурда) кѳздѳгѳн максатка жетишүү, иш натыйжасы ошондон билинет. Банк ишинде бул ѳтѳ маанилүү.

Долбоор быйылкы жылы ѳздѳштүрүлѳ баштаган. Анын алкагында кызматкердин ишке болгон мамилесин түп-тамырынан ѳзгѳртүү, жоопкерчилигин күчѳтүү пландаштырылган. Банктын ар бир кызматери ѳз ишинин мыкты устаты, ардагери болуп, кесипкѳйлүгүн арттырышына жетишип, чарбачылдык мамиленин калыптандырылышы мындагы башкы максат.

Ушул долбоордун алкагында банк жетекчилиги алгачкы ийгиликтерди жыйынтыктап, анын натыйжасында банктын түштүк региону боюнча регионалдык директору  Нуркулов Данияр «Мыкты үй ээси» катары таанылып, Дубайга эки адамга жолдомо алууга татыктуу болгон.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию