• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Джон Шоул мырза «Азия Банкка» келди

06 март, 2018-жыл

«Азия Банк»  трансформациялануу процесси  2017-жылы башталып, ал - персоналды окутуу, кызмат кѳрсѳтүү чѳйрѳсүн кеңейтүү жана аны алда канча жакшыртуу, ѳлкѳ аймагы боюнча кеңселерди ачуу, демек кардарларды жогорку сапатта тейлѳѳ кызматын жѳнгѳ салуу аркылуу  ишенимдүү ѳнүгүү багытына ык койгон.

Джон Шоул банкка келип, ѳз алдынча тест драйвтан ѳткѳн: маалымат-борборго телефон чалганда  англис тилинде тейлѳѳгѳ алынып, кардарларга канчалык деңгээлде ыңгайлуулуктар түзүлгѳндүгү менен жеринде таанышып, толук ынануу мүмүкнчүлүгүнѳ ээ болгон.

Биздин банкка келип, банк иши менен толук таанышып, ой бѳлүшкѳндүгү, банк ишин ѳркүндѳтүү жагында берген баалуу кеп-кеңештери үчүн албетте мистер Шоул мырзага терең ыраазычылык билдиребиз. Мындан тышкары, банк Башкармасынын кеңейтилген отурумдарын ѳткѳрүү программасынын алкагында «Өмүр бою ишенимдүү кардар» тренингине катышып, тейлѳѳ сапатын жакшыртуу жагындагы иш ыкмалары тууралуу анын сунуш-кѳрсѳтмѳлѳрүн банк системасына дароо жайылтууга кириштик.

Быйылкы жылы банкка 20 жыл толот. Демек, мааракелүү ушул жылды жогорку иш натыйжалары, жетишкендиктер, ѳзгѳчѳлѳнгѳн  тейлѳѳ сапатын камсыз кылуу сыяктуу Джон Шоул мырза шыктандырып кеткен жана банктын алга карай иш багытында аныкталган жетишкендиктери менен жыйынтыктоого тийишпиз.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию